
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин алдындагы теологиялык колледжи 2018-2019-жаңы окуу жылына карата төмөнкү предметтер боюнча мугалимдик орунга ачык конкурс жарыялайт.
Сабактардын аталыштары:
- Орус тили
 - Орус адабияты
 - Кыргыз тили
 - Дүйнөлүк адабият
 - Чет тили (Араб тили)
 - Кыргызстан тарыхы
 - Дүйнөлүк тарых
 - Адам жана коом
 - Математика
 - Астрономия
 - Физика
 - Химия
 - Биология
 - География
 - Баштапкы аскердик даярдык
 - Дене тарбия
 - Кесипке киришүү
 - Теологиялык орто билим берүүдөгү инновациялык мамилелер
 - Кесиптик чөйрөдөгү орус тили
 - Кесиптик чөйрөдөгү түрк тили
 - Кесиптик чөйрөдөгү англис тили
 - Кесиптик чөйрөдөгү араб тили
 - Кыргыз тили жана адабияты
 - Чет тили (Англис тили)
 - Манас таануу
 - Философия
 - Элдик каада-салттар жана үрп-адаттар
 - Кесиптик математика жана Информатика
 - Экологиянын негиздери жана Кыргызстандын географиясы
 - Маалыматтык технологиянын негиздери
 - Куран үйрөнүү
 - Ибадат фикхы (ислам ритуалдарындагы нормалар)
 - Хадис (Пайгамбардын санат сөздөрү)
 - Диндер тарыхы
 - Ишеним окуусуна (акыйдага) киришүү
 - Куран тафсири
 - Пайгамбардын өмүр таржымалы
 - Ислам укугу
 - Ислам этикасы
 - Диний мектептер жана агымдар
 - Риторика
 - Диний психологияга киришүү
 - Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты
 - Араб диалогу
 - Ислам фикхы (Ислам юриспруденциясы)
 - Ислам тарыхы
 - Куран таануу
 - Хадис таануу
 
Конкурска катышууну каалаган талапкерлер 2018-жылдын 27-июлуна чейин (саат 12:00го чейин) theo.coll.kg@gmail.com электрондук дарегине:
- Конкурска катышуу үчүн арыз
 - Өздүгүн тастыктаган документ
 - Жогорку билимин тастыктаган документтин (диплом) көчүрмөсү (предметтерди окутуу ыйгарылган дипломдун профилине дал келиши абзел)
 - Резюме (сүрөтү менен) жөнөтүүлөрү керек.
 
Сурап-билүү телефондору: 0702-553-300, 0773-404-098
				


