Зыяратка барам десеңиз…
- Аллах Таалага чын жүрөктөн тообо кылыңыз. Күнөө иштерден сактанып, мурда кылган күнөөлөр үчүн өкүнүп, кайталбоого чечим кабыл кылыңыз.
 - Кимдир бирөөнү капа кылып, көңүлүн калтырган болсоңуз кечирим сураңыз. Карыздарыңыз болсо ээсине берип ыраазы кылыңыз.
 - Эң негизгиси кылып жаткан ажылык ибадатын Аллах Тааланын ыраазычылыгы үчүн акыреттин абадчыгылын ниет кылыңыз. Амалдарды эл көрсүн үчүн, кадыр-барк, мактануу үчүн эч качан жасабаңыз.
 - Ата-энеңиз тирүү болсо алардын ыраазычылыгына сурап, дубасын алыңыз.
 - Үй-бүлөнүздүн, балдарыңыздын муктаждыгын камсыздап коюңуз.
 - Ажылык жана умра амалын аткаруу тартибин, эрежелерин атайын китептерден окуп үйрөнүңүз.
 - Сапарда дайыма Аллах Тааланы зикир кылып, дуба, Куран окуп, истигфар айтып жүрүңүз. Пайдасыз, ушак, жалган, сөгүнүү, бузук сөздөрдөн алыс болуңуз. Колдон келсе башкаларга жардам бериңиз.
 - Жүрөктү таза, пакиза кармаңыз. Дайыма кичи пейилдик кылып, сабырдуу болуңуз.
 - Акчаңызды түрдү нерселерге ысырап кылуудан, талашып-тартышуудан алыс болуңуз.
 
Үйдөн чыгып жатканда
- Үйдөн чыгып жатканда садака кылыңыз.
 - Эки рекет сапар намазын жана сапар дубасын окуңуз.
 - Сизди узатып жаткандарга дуба кылып туруусун сураңыз.
 - «Дуба кылыңыз» деп айткан жакындарыңыздын аты-жөнүн дептерге жазып алыңыз.
 
Ажылыкка эмне алуу зарыл?
- Өзүнүзгө керектүү дары-дармектерди алуу.
 - Күндөн сактануу үчүн көз айнек.
 - Ыкчам кол чатыр
 - Сапатуу сумка (30 кг жүккө ылайыкташкан)
 - Аптечка
 - Ыкчам жайнамаз
 - Ихрам, ремен, ыңгайлуу бут кийим.
 
Даярдаган: Фуркат Авлиёев, Баткен облустук казыятынын пресс-катчысы
				



