Урматтуу Азирети Муфтий Наурызбай Таган уулу!
Ардактуу Шейх Уль-Ислам Аллахшүкүр Пашазаде!
25-декабрь күнү Актау шаарынын жанында Embraer 190 жүргүнчү учагынын кырсыкка учурашы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бул каргашалуу окуя көптөгөн адамдардын өмүрүн алып кетти жана алардын үй-бүлөлөрүнө, жакындарына жана жалпы мусулман жамаатына чоң кайгы алып келди.
Кыргызстан мусулмандарынын жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Алла Таала маркумдардын күнөөлөрүн кечирип, бейиштен орун берсин. Жабыркагандардын тез сакайып кетишин тилейбиз.
Бул оор учурда сиздер менен бирге экенибизди билдирип, кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз. Алла Таала баарыбызга сабырдуулук жана бекемдик берсин.
Терең кайгыруу менен,
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров