«Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзам боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Жалал-Абад облусундагы бардык район-шаарлардын баш имам хатибтерине жана имамдарына “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди. Сузак районунун баш имам хатиби Жунус ажы Исмаилов район аймагындагы даават жолуна чыккан атуулдар менен жолугуп, мыйзамдын маанисин түшүндүрдү.
Ал жолугушууда, өлкө башчысы Садыр Жапаров 21-январда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамга кол койгонун жана бул мыйзамдын максаты динге тыюу салуу эмес, дин тутуу эркиндигин камсыз кылуу жана аны мыйзам чегинде тартипке келтирүү экенин айтты. Мыйзам талкууланып, өлкө жетекчилиги тарабынан кеңири түшүндүрүлгөн.
Жунус ажы Исмаилов, мыйзамдын чегинде динге чектөө жок экенин, Кыргызстанда ар бир адамдын дин тутуу укугу толук сакталганын белгилеп, коомчулукту бул тууралуу туура түшүнүүгө чакырды. Жолугушуунун аягында, өлкө жетекчилерине жана элге тынчтык, ынтымак тиленди.