Бүгүн, 8-апрель күнү Ош шаарындагы «Имам Аль-Бухарий-Алай» атындагы борбордук мечитинде Ош шаарына караштуу мечит имамдары жана ДОЖ мугалимдерине жыйын болуп, бир катар тапшырмалар берилди.
Иш-чарага Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов, казыяттын эмгек жамааты, Ош шаарына караштуу мечит имамдары, орун басарлары, азанчылары, мутавалилери жана диний окуу жайлардын мугалимдери катышты.
Жыйын алгач Куран окуу менен башталып, дуба кылынып, андан соң шаар казысы Мирланбек ажы Токтомушов имамдарга КМДБ тарабынан келген буйруктарды аткаруу боюнча имамдарга төмөндөгү тапшырмаларды берди.
- Шам баяндарын өз убагында айтуу;
- Ош шаарындагы көрүстөндөр тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- Никаб маселесинде Аалымдар Кеңешинин фатвасын жамаатка туура жеткирүү;
- Мечиттердин тазалыгын сактоо;
- Нике журналдарын көзөмөлдөө;
- Мечиттерде көзөмөл камераларын орнотуу.
Ошондой эле шаар казысы ишине кайдыгер имамдарга жазуу түрүндө эскертүүлөрдү берип, мындан ары да тыкыр көзөмөл болорун баса белгиледи.
Жыйын соңунда ар бир мечитке 20 даанадан «Ыйык Куранга чейинки 10 сабак» аттуу китепче таратылды.