Алайда дин кызматкерлери тарабынан 220 даана көчөт отургузулду

Ош облусуна караштуу Алай районунун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков райондогу жалпы дин кызматкерлери тарабынан 220 даана көчөт отургузулгандыгын билдирди.

Аталган көчөттөр Алай районунун Гүлчө айылындагы Кырк-Күңгөй участкасына отургузулуп, иш-чарага район акими Чыңгыз Бапаев, Гүлчө айыл аймагынын башчысы Нурсултан Тажибаев жана Эмирлан ажы Бообеков баштаган жалпы дин кызматкерлери катышты.

«Ош облусунун казысы Абибилла ажы Кадырбердиевдин тапшырмасы менен облус аймагында ар бир дин кызматкери көчөт отургузуу акциясы башталып, буга чейин Кара-Суу, Араван райондорунда болуп өттү. Мына мынтип биздин район да аталган акцияга активдүү катышып, 220 даана көчөт отургузуп жатабыз. Иш-чараны уюштурууга көмөк көрсөткөн жалпы имамдарга ыраазычылык. Көчөт отургузуунун сооптуулугу баарыбызга маалым. Отургузулган көчөттөр жетилип, эл пайдасына, экологияга жакшы таасир берет деп ишенебиз», – деди баш имам-хатиб Эмирлан ажы Бообеков.