Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин кезектеги протоколдук жыйыны үстүбүздөгү жылдын 8-апрелинде төрага Замир кары Ракиевдин жетекчилиги астында өттү. Аймактагы жана сапарда жүргөн АК мүчөлөрү жыйынга онлайн форматта катышты. КМДБнын уставынын ылайык Аалымдар Кеңешинин VII чакырылышынын мөөнөтү аяктап жаткандыгына байланыштуу, 2025-жылдын 26-апрелинде Кыргызстан мусулмандарынын кезектеги IX Курултайын өткөрүү чечими кабыл алынды. Аны менен катар Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин жаңы VIII чакырылышына мүчөлүккө талапкерлерди «Каттоо жана аттестациялоо боюнча комиссия» түзүлүп, комиссиянын иштөө тартибин аныктаган жобо кабыл алынды.