Жалал-Абад шаарынан жана Сузак районунан 2025-жылдагы ажылык зыяратына барууну каалаган жарандар үчүн кезектеги окуу сабагы өткөрүлдү. Сабак Жалал-Абад шаарындагы “Солихин” жума мечитинде уюштурулуп, ажылык сапарына даярдык көрүп жаткан жарандар активдүү катышты.
Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Замир кары Ракиев, Азирети Муфтийдин жардамчысы Ордобек ажы Оморбеков, КМДБнын мечиттер бөлүмүнүн башчысы Давран ажы Жунусалиев жана Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Арпидин ажы Жороев катышты.
Сабакта болочок ажыларга ажылыктын аткарылышы, ибадаттын шарттары жана КМДБ тарабынан ажыларга, ошондой эле ажы башчыларга коюлган талаптар тууралуу кеңири маалымат берилди.
Аалымдар Кеңешинин төрагасы Замир кары Ракиев сабактын маанисине токтолуп:
«Бул жөн гана сабак эмес, бул – ажылык ибадатын туура аткарууга, ар бир амалын түшүнүүгө жана руханий жактан даяр болууга багытталган маанилүү окуу. Ажылык – ар бир мусулман үчүн чоң мүмкүнчүлүк жана жоопкерчилик. Ошондуктан ар бир ажы талаптарды так билип, ыйык сапарга таза ниет менен чыгууга тийиш. Өзгөчө ажылыктан кийин дагы адеп-ахлакка көңүл буруп, ысырапкерчиликке жол бербей, ажылык той өткөрүүнү эмес, сооптуу иштерди жасоону артык көрөлү. Жол салып, оорулууларга жардам берип, кайрымдуулукка басым жасайлы», – деди ал.
Ал эми Давран ажы Жунусалиев КМДБ тарабынан коюлган эрежелер тууралуу айтып, ажылыктагы тартипти сактоонун маанилүүлүгүн эскертип өттү.