Нематулла ажы Жээнбеков “Абдулла” ислам институтун зыярат кылып, билим сапатын жогорулатууну тапшырды

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков Жалал-Абад шаарындагы “Абдулла” ислам институтун зыярат кылып, окуу жайдын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты.

Зыярат учурунда облус казысы окуу жайдын техникалык базасы, студенттер үчүн түзүлгөн шарттар, окуу программасы жана чарбалык иштери менен кеңири таанышып, бир катар маселелерге көңүл бурду.

Устаздар менен болгон жолугушууда Нематулла ажы КМДБнын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров тарабынан берилген тапшырмаларга токтолуп, окуу жайлардагы билим сапатын жогорулатуу эң башкы максат экенин эскертти.

“Бүгүнкү күндө диний окуу жайларга болгон ишеним жогору. Бул ишенимди актоо – сиздердин колуңуздарда. Студенттерге терең билим берип, тарбияга өзгөчө көңүл буруу керек. Муфтият тараптан көрсөтүлүп жаткан колдоолорду туура пайдаланып, натыйжалуу иш алып баруу ар бир устаздын жоопкерчилиги”, – деди облус казысы.

Жолугушуунун соңунда казы мүдүргө окуу корпусундагы эски доскаларды жаңылоону жана чарбалык иштерди жакшыртууну тапшырды.

Белгилей кетсек, бул окуу жай 2006-жылдан 2024-жылдын ноябрь айына чейин “Аз-Захра” балдар медресеси катары иштеп келген. 2024-жылдын ноябрь айынан тартып окуу жай “Абдулла” ислам институту деген жаңы макамга ээ болуп, диний жогорку билим берүү мекемеси катары ишмердүүлүгүн улантып келет.