Жалал-Абад шаарына караштуу Гүлүстан айылындагы мазарда ыйык жайды таза кармоо, тартипке келтирүү жана диний талаптарды сактоо багытында ири иш-чара өткөрүлдү. Бул иш-аракет Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №67 токтому жана Президенттин №296 жарлыгы, ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы (КМДБ) тарабынан берилген тапшырманын алкагында ишке ашты.
Иш-чаранын жүрүшүндө мазардын айлана-чөйрөсү иретке келтирилип, көрүстөндөр тартипке салынып, тазалоо иштери жүргүзүлдү. Муну менен катар жергиликтүү элге мүрзө куруу, көмүү жана эстелик орнотуудагы диний талаптар тууралуу кеңири маалымат берилди.
Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Мелисбек ажы Тургунбаев жергиликтүү бийлик менен биргеликте мазардын аймагы кеңейтилгенин белгилеп өтүп, маркумдарды көмүүдө шарият талаптарын так сактоо зарылдыгына токтолду.
«Маркумдарга урмат-сый көрсөтүү – биздин диний жана маданий баалуулуктарыбыздын ажырагыс бөлүгү. Бирок бул урмат ысырап менен эмес, тартип жана таза ниет менен коштолушу керек. Эстелик орнотууда, сүннөткө ылайыктуу жолду тандаганыбыз туура болот», – деди Мелисбек ажы өз сөзүндө.