Ош шаарында дин тутуу эркиндиги жөнүндөгү мыйзам боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Кечээ, 10-апрель күнү Ош шаардык мусулмандар казыяты, Ош шаардык ички иштер башкармалы жана КР ДИМК ТАБ менен биргеликте ОШ ШИИБдин жыйындар залында жыйын уюштурулду. Жыйындын жүрүшүндө жалпы катышуучуларга «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер» жөнүндөгү мыйзамы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, негизги укуктук маалыматтар берилди.

Иш-чарага Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Кожобек Козубаев, ДИМК ТАБ адиси Акматбек Оморов, Ош ШИИБ ЭММКАКнын башчысы милициянын полковниги Нургазы Калматов, КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча өкүлү, МАБ кызматкерлери, мечит имамдары жана ДОЖ мугалимдери катышты.

Иш-чарада жаңы кабыл алынган «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер» жөнүндө мыйзамы бүгүнкү күндө күчүнө кирип иштей баштагандыгы боюнча презентация сунеушталып, нормативди диний чөйрөгө жана коомго туура, жеткиликтүү түшүндүрүү маселеси талкууланды.

Иш-чара соңунда катышуучулар тарабынан суроолор берилип, ага тиешелүү адистер тарабынан жооптор берилди.