Кечээ, 10-апрель күнү Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун баш имам-хатиби Алимбек ажы Маматаминов Жекенди айыл өкмөтүндөгү Кара-Мык айылында жайгашкан Тилек Баатыр атындагы Кара-Мык чек ара бекетиндеги жоокерлер менен жолугушуп, «Мекенди сүйүү» жана тарбиялык маанидеги баяндамаларды жасады.
«Аллах Таала арам кылган иштерден оолак болуу мусулман адамдын эң негизги милдети болуп эсептелет. Арам иштерден сактанууну, ага жакын жолобоону Аллах Таала буйруган. Эмгек кылып, адалдан таап, балдарыбызга адал ырыскы алып келүү менен аларга чоң үлгү көрсөткөн болобуз. Жашоодон алып карай турган болсок, өлкөнүн мыйзамдарын бузган адам тиешелүү жазага тартылган сыңары, шарияттын мыйзамын бузган адам акыретте кылганына жараша жазасын алат», – деди баш имам-хатиб Алимбек ажы Маматаминов.
Ошону менен бирге, Мекен тынчтыгы үчүн кызмат кылуудагы ар бир мүнөтү баалуу экендигин айтып, чек ара кызматын ибадат деп билип, майын чыгара иштөө керектигин билдирди.