Бүгүн, 12-апрель күнү КМДБ жана КИУ тарабынан уюштурулуп жаткан «Китеп – билим, китеп – тарых, китеп – нур» аттуу республикалык китеп окуу боюнча жарышы өтүүдө. Китеп саамалыгына старт берген Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров жалпы катышуучуларга ийгилик каалады:
«Азыркы тапта баарыбыз ири масштабдуу китеп окуу конкурсунун алдында турабыз. Алла Таалам насип кылгандар жеңүүчү болору анык. Ошентсе да бул конкурска катышуунун өзүн жетишкендик деп билебиз. Анткени китеп окуунун өзү жеңиш. Окуган адам эч качан уткурбайт», – деп билдирди Азирети Муфтий.
Катышуучулар “Сынган кылыч” тарыхый романы, “Бакыттын үрөнү”, “Сахабалар салган чыйыр жол”, “Адам адеби” китептеринен онлайн жана офлайн форматтарында күч сынашууда.
Айта кетсек, китеп жарышына 30 миңдей талпакер катышууда. Конкурстун байгесине 3 даана КИА5 автоунаасы жана 40 даана умра жолдомосу коюлган. Сыйлоо аземи апрель айынын аягында өткөрүлөрүн уюштуруучулардан Шермухаммед Акматжан уулу билдирди.