Мындай пикирин Азирети Муфтийдин орун басары Талантбек ажы Темирбев Баткен казыятында жыйын өтүп жатып билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын 12-апрель күнү Баткен казыятында Азирети Муфтийдин орун басары Талантбек ажы Темирбаев, КМДБнын мечиттер-курулуш жана имамдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Давран ажы Жунусалиев жана облус казысы Нуридин ажы Мамасабировдор Баткен облусундагы диний окуу жайдын мүдүрлөрүнө жана район баш имам-хатибдерине чукул жыйын өткөрдү.
Жыйында муфтийдин орун басары Талантбек ажы мечиттердин тазалыгы, коопсуздугу жана мечит имамдарынын жоопкерчилиги тууралуу бир катар маселелерге кенен токтолуп, кемчиликтерди жоюу ыкмаларын баш имам-хатибдер менен талкууга алып, пикир алмашуу өткөрдү.
Ошондой эле, Муфтияттын мечиттер-курулуш жана имамдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Давран ажы Жунусалиев Азирети Муфтийдин 4/37, 48-буйруктарынын негизинде өткөрүлүп жаткан текшерүүлөр боюнча маалматтарга токтолду. Текшерүү Кызыл-Кыя шаарында жана Кадамжай районунда жыйынтыкталды. Натыйжада жогоруда айтылган талаптар аткарылбаган мечиттерге кемчиликтерди жоюу талабы коюлду.
Эске салсак, Беткен облусунун аймагына КМДБ тарабынан түзүлгөн атайын комиссия мечит жана диний окуу жайлардын шарттарын, тазалыгын жана имамдардын ишмердүүлүн текшеришти. Ал комиссияга облустук казыяттан аймактын казысы Нуридин ажы Мамасабиров, үгүт, насаат жана мечиттер адиси Махмуд ажы Курбанов бар.