Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы «Бостон» мечитинде райондогу ажылык сапарына баруучу жарандар үчүн атайын сабак уюштурулду. Сабакта Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын кызматкери Равшан ажы Эратов жана Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев баяндама жасашты.
Болочок ажыларга ажылык амалдарын, өкүмдөрдү, эрежелерин жана ихрам абалында этият болуу керектиги тууралуу толук маалыматтар берилип, ага кошумча ажылык учурунда Сауд Арабиясынын мыйзамдарын, штаб тарабынан берилген тапшырмаларды жана ажы башчыларга баш ийүү жөнүндө эскертилди.
«Ажы башчыларга баш ийип, тиешелүү эрежелерди сактаңыздар. Ошондой эле, ал жакта ден соолукка кам көрүү негизи маселелерден бири болуп саналат. Ден соолук бекем болсо, ибадаттарды аткаруу жеңил болот. Эң жөнөкөй маселе болгон муздак суу ичүүдөн этияттаңыздар. Ал эми күн ысыкта көп жүрүү же кондиционер алдында көпкө туруп калуу ж.б. маселелерге кайдыгер болбоңуздар. Албетте тиешелүү учурларда дарыгерлер карашат. Ошондой болсо да, оорунун алдын алган жакшы», – деди Равшан ажы Эратов.
Ал эми Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев ажылыкта ибадат менен гана алек болууга чакырды.
«Ажылык учурда базарга баруу же мейманкана шарттарын сындоо сыяктуу иштерден алыс болуп, ибадат менен гана алек болуңуздар. Ниетиңиздер эс алуу же базар айлануу эмес, ибадат кылуу болушу керек», – деп баса белгиледи.
Айта кетсек, аталган сабактар Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасы менен өлкө боюнча жүргүзүлүп жатат.