Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров райондогу жалпы имамдар жана диний окуу жайлар менен биргеликте көчөт отургузуу акциясы өткөрүлгөндүгүн билдирди.
Отургузулган көчөттөр арча, алма, өрүк, гилас, кайын жана жаңгак болуп баары 540 түп болду. Алар:
150 түп арча;
150 түп гилас;
100 түп өрүк;
100 түп алма;
20 түп кайын;
20 түп жаңгак.
«Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиевдин тапшырмасы менен облус аймагында дин кызматкерлери тарабынан көчөт отургузуу акциясы башталган. Ага районубуздагы дин кызматкерлери да кайдыгер болбостон, бир канча аймактарга көчөттөр отургузулду. Буйруса бул башкаларга да үлгү болуп, экологияга, таза абанын сакталышына өз салымдарын кошот деп ишенебиз», – деди баш имам-хатиб Бекназар ажы Жапаров.
Айта кетсек, аталган көчөттөр Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүндөгү М.Гапаров атындагы эс алуу паркына, Бел айыл өкмөтүндөгү Г. Эргешов атындагы орто мектебинин аймагына, Кеңеш орто мектебинин аймагына жана ишембилик иштеринде мечит-медреселердин аймактарында түрдүү көчөттөр отургузулду.