Бүгүн, 17-апрель күнү Ош облустук казыяты тарабынан Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драмтеатрында «Зомбулуксуз коом – ыйман белгиси, мээримдин мекени» аталышында масштабдуу иш-чара өткөрүлүп, ага Ош облусу боюнча зордук-зомбулук катталган айылдардын айыл башчылары, мектеп мугалимдери, соц.педагогдор, айыл өкмөттүн жооптуу имам-хатибдери, диний окуу жайлардын мүдүрлөрү менен мугалимдери, имамдар жана жергиликтүү айымдар катышты.
Аталган иш-чарага 750 адам катышып, анда КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талант Арстанкулов, КР президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Султаналы ажы Гапуров, Ош облустук прокуратурасынын бөлүмүнүн улук прокурору Курбаналы Ташкулов, Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматынын башчысы, милициянын подполковниги Таалайбек Алымов жана Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев баяндама жасашты.
Жогоруда аты аталган мекемелердин баяндамачылары алгач видеороликтерин көргөзүштү. Анын катарында Ош облустук казыяты уюштуруучу катары үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, ата-энеге кордук көрсөтпөө, рэкетчилик (бала тарбиясы) аталыштарында үч түрдүү багытта видеоролик тартуулады.
Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев иш-чара соңунда иш-чараны өткөрүүдө колдоо көрсөткөн Ош облустук мамлекеттик администрациясына жана жалпы катышуучуларга ыраазычылык билдирди.