КМДБнын илимий-изилдөө институтунун алдында түзүлгөн Илимий кеңештин жыйынтыктоочу отчёттук кеңешмеси өттү

Бүгүн, 17-апрель күнү ордо калаадагы Park Hotel Bishkek мейманканасынын конференция залында КМДБнын илимий-изилдөө институтунун алдында түзүлгөн Илимий кеңештин жыйынтыктоочу отчёттук кеңешмеси өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзамынын Кыргызстан мусулмандарына таандык нормаларды ишке ашырууну жөнгө салуу жөнүндөгү Программанын негизинде Кыргызстан мусулмандарынын дин тутуу салттуулугу талкууланан кереге кеңешке Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү Замир Турсунбеков, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Азамат Юсупов, Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Абдиманап кары Масалиев, КМДБнын аппарат жетекчиси Азамат ажы Исмаиловдор катышып, Илимий кеңештин ишмердүүлүгү, жүргүзгөн илимий изилдөөлөрү жана натыйжалары, дегеле Илимий-изилдөө институттун жарым жылдык иш-аракеттерине баа беришип, өз пикирлерин билдиришти.

Саамалыкта илимий кеңештин жумушчу тобунун төрагасы, Кыргызстан Ислам университетинин октуучусу Асомудинов молдо Нурудин (молдо Надыр) сөз сүйлөп, кеңештин иштери боюнча маалымат берсе, КМДБнын алдындагы илимий изилдөө институтунун директору Шүкүр ажы Исмаилов институт тарабынан аткарылган иштер боюнча кенен токтолуп, презентациялык баяндама жасады.

Кереге кеңеште жумушчу топтун мүчөлөрү болгон аалымдар; Дүйшеев молдо Абдиравшан, Мадаминов молдо Артыкбай,  Абжапаров молдо Камил, Садиллаев Көчкөнбай (молдо Ашыр), Гулбаев молдо Сираж, ошондой эле расмий дин кызматкерлери, имам-хатибдер, илим талапчылары, жалпы эле дин кызматкерлери жана түрдүү этностордун диний билимдүү өкүлдөрү катышты.