Азирети Муфтий ИИМдин ЖКККББ башчысы Жеңишбек Джоробеков менен жолугушуп, комплекстүү аракеттерди жүргүзүү жаатында пикир алышты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Жеңишбек Джоробеков менен расмий жолугушуу өткөрдү.

Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысынын жол коопсуздугун камсыздоо боюнча берген тапшырмаларын аткаруу багытында дин өкүлдөрү менен ИИМ кызматкерлеринин өз ара тыгыз кызматташтыгын камсыздоо маселеси талкууланды.

Жолугушууда айдоочулардын айдоо маданиятын, жоопкерчилигин жана укуктук аң-сезимин жогорулатууда диний кызматкерлердин ролу чоң экендиги баса белгиленип, калк арасында түшүндүрүү, үгүт-насаат жана агартуу иштерин жүргүзүүнү күчөтүү зарылчылыгы белгиленди. Ошондой эле коомдук аң-сезимди калыптандыруу жана жол эрежелерин сактоого багытталган биргелешкен иш-чараларды уюштуруу боюнча макулдашуулар жетишилди.

Тараптар, массалык маалымат каражаттарынын жана диний институттардын потенциалын туура колдонуу менен, жарандардын арасында жол коопсуздугу боюнча жоопкерчиликти жогорулатуу, адам өмүрүнүн баалуулугун жана жол эрежелерин сактоонун маанисин терең түшүндүрүүгө көмөктөшө турган комплекстүү аракеттерди жүргүзүү керектигин белгилешти.