Талас облусунда Куран окуу жана азан айтуу боюнча жарыш өткөрүлдү

Талас облусунда жайгашкан диний окуу жайлардын арасында 10 жана 15 пара Куран жаттаган жана кооз азан айтуу боюнча жарыш болуп өттү. Бул иш-чара жаштарды Куран жаттоого жана кооз азан айтууга кызыктыруу, шыктандыруу, ошондой эле алардын арасынан мыктыларын тандоо максатында уюштурулду.

Башкы байгеге умрага жолдомо сертификат жана башка кызыктыруучу сыйлыктар коюлган Куран жарышы жогорку деңгээлде өтүп, калыстардын чечими менен баш байгени “Ислам Нуру” диний окуу жайынын студенти Жаркынбек Асылбек уулу жеңип алды. Калган байге ээлери үй-тиричилик буюмдары жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Мындан тышкары жарышка катышкан башка студенттер дагы ар кандай баалуу белектер менен сыйланып, алардын аракети да жогору бааланды. Кара кылды как жарган калыстар тобу Куран жарышын уюштурган жалпы демөөрчүлөргө ыраазычылык билдиришип, мындай саамалыктардын тез-тез өткөрүү керектигин белгилешти.