Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев хатибият тарабынан райондогу жалпы имамдарга ынтымак иш-чарасы өткөрүлгөндүгүн билдирди.
«Имамдар арасында ынтымак бекем болсо, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү да, масштабдуу иш-чараларды өткөрүү да жеңил болот. Айта кетсек, жакынкы күндөрү өткөн көчөт отургузуу акциясына жалпы имамдарыбыз активдүү катышты. Ошондой эле, бир айылдын тургундары башка пикирде, экинчи айыл таптакыр башка пикирде болбошу үчүн имамдар ынтымагын бекемдөө максатында сый тамак уюштуруп, бир катар тапшырмаларды бердик», – деди баш имам-хатиб Дастан ажы Мамаев.