Бүгүн, 18-апрель күнү Ош шаардык мэриясы тарабынан жүргүзүлүп жаткан жолдорду кеңейтүү жана мыйзамсыз курулуп, жолдун акысына кирип калган имараттарды алуу иштерине байланыштуу Ош шаардык мусулмандарынын казыятынын демилгеси менен «Азирети Билал» мечитинин ордуна жаңы заманбап мечит курулат. Аталган мечит жолдо жайгашып калгандыктан, аны жалпы жергиликтүү жамаат туура түшүнүү менен кабыл алып, жаңы мечиттин капсула салуу аземине катышып, бата беришти.
Иш-чарага Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Адилет Шаршеналы уулу, Ош шаардык мусулмандар казысынын орун басары Каныбек ажы Жусупов баштаган казыяттын эмгек жамааты, «Шоро» компаниясынын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.
Капсула салуу аземинде Ош шаар казысынын орун басары ислам дининде мечит куруунун сообу чоң экенин баса белгилеп, мечит бузуу эрежелерине токтолду.
«Ислам шариятынын эрежеси боюнча кайсы бир мечит бузулса, анын ордуна сөзсүз мечит курулуусу зарыл. Мына бүгүнкү күндөгү иш-аракеттер шарият эрежелерине дал келет. Ал эми мечит куруу, эртең акыретте үй курууга тете», – деди Каныбек ажы Жусупов.
Мечитти «Шоро» компаниясы өзүнүн эсебинен куруп берүүнү убадалап, 2 айда пайдаланууга берилери белгиленди.