2025-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев, КМДБнын аппарат жетекчиси Азамат ажы Исмаилов жана Сауд Араб Падышачылыгынын Flyadeal авиакомпаниясынын өкүлдөрү «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун башкаруу аппараты, өндүрүш боюнча директору Жанат Шамшиев менен жолугушуп, Бишкек шаарынан ыйык сапарга аттана турган ажыларды узатуу, аларга шарттарды түзүү жана эки тараптуу кызматташуу жаатында пикир алышты. Муну менен катар жолугушууда ажыларды коштоп бара турган ажы башчыларга инструктаж өтүү, аэропорттогу жол картаны, коопсуздук эрежелерин түшүндүрүү жаатында макулдашышты.
Мекеме директору «Манас» эл аралык аэропорту болочок ажыларды учуруу үчүн учурда бардык даярдыктарды көрүп жатканын, атайын жаңы коридор түзүп, ыйык сапарга жөнөп жаткан мекендештерге жол карталарды да көрсөтүп берерин, тосуп алууда да кыйынчылыксыз жана убарагерчиликсиз тейлөө болорун, ал тургай адамды жүзүнөн тааный турган технологиялык жабдыктар менен жабдылганын айтып өттү.
Ал эми Азирети Муфтийдин орун басары бүгүнкү күндө ажыларга сабактар өтүлүп, коопсуздук эрежелери, Сауд Араб Падышалыгынын зыяратчыларга тиешелүү мыйзамдары, ажылык амалдарынын туура аткарылышы боюнча маалыматтар берилип жаткандыгын билдирди. Ошондой эле рейс убактылары, аба майданында сакталчу эрежелер, коопсуздук жана тактык боюнча сөз кылып, «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун ажыларга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жылдан жылга жакшыртып жатканына ыраазычылык билдирди.
Зыяраттын жүрүшүндө штаб жетекчилиги ЖАК «КММ» уюмунан кабар алып, аталган уюмдун БТБ директору Чолпон Алымкулова менен жолугушуп, учакта ажыларга берилер тамак-аш түрлөрү, анын ингредиенти жана сапаты боюнча пикир алышты.
Эскерте кетсек, быйылкы жылы Ош – Медина багыты боюнча учуулар 21-майда башталып, 26-майга чейин уланат. Ал эми Бишкек шаарынан Жиддага алгачкы каттам 24-майда башталып, 29-майда жыйынтыкталат.