Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы (КМДБ) жана Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши (КМАК) менен биргеликте исламий билим берүү жаатында агартуу ишин улантуу максатында аалымдар тобу Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы «Хазрети Осмон» ислам институтун зыярат кылышты.
Аалымдар зыярат алкагында студенттерге багытталган жыйын өткөрүп, бет маңдай форматта пикир алышты. Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин 1-орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов, муфтийдин орун басары Талант ажы Темирбаев, КМДБнын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Хамидулла ажы Садиллаев, Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Жеңишбек ажы Курбанов, Мирзат ажы Барпыбеков, Эмилбек Андартегин, институттун окуу бөлүмүнүн башчысы Алим ажы Исаков, окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Саамалыктын жүрүшүндө АК мүчөлөрү салттуу ислам дүйнө таанымы (ханафилик-матуридилик), ислам тасаввуфу, илимдин пазилеттери, адеп-ахлак принциптери боюнча лекция окуса, Азирети Муфтийдин 1-орун басары Муфтияттын тутумундагы диний окуу жайлары, диний билим берүүнүн жаңы багыттары, системалоо, оптималдаштыруу жана күтүлүп жаткан натыйжалар боюнча сөз кылып, суроолорго жооп берди.
Жолугушуунун 2-бөлүгүндө мекеменин билим берүү жараяны, окуу программасы, китепканасы, жатаканасы, жалпы эле материалдык-техникалык базасы көздөн өткөрүлдү.
Айта кетсек, диний чөйрөдө жаңы кабыл алынган “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамын түшүндүрүү, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун коомдо ислам маданиятын өркүндөтүү, диний билим берүүнү жакшыртуу жөнүндгү иш-мерчемдерин аткарууга алуу жана КМАКтын №1 протоколдук тапшырмасынын алкагында ДОЖдордо жолугушуулар өтүп жатат. Мындай саамалык башка диний окуу жайларда дагы улантылып, жалпы ДОЖдордун студенттерине жана мугалимдерине түшүндүрүү иш-чаралары пландуу түрдө жүргүзүлөрүн КМДБнын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Хамидулла ажы Садиллаев маалымдады.