Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин түштүк аймактык бөлүмүнүн башкы адиси Акматбек Оморов жана Ош шаарынын мусулмандарынын казыятынын мечиттер боюнча куратору Мустафа Абдиев катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Акматбек Оморов «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» жаңы мыйзамдын мазмуну тууралуу кеңири маалымат берип, экстремизм жана терроризмдин кооптуу көрүнүштөрү тууралуу түшүндүрмө берди. Өз кезегинде Мустафа Абдиев мекенди сүйүү, мыйзамга баш ийүү жана мамлекетке кызмат кылуунун маанилүүлүгү тууралуу баяндама жасады.
Жыйынтыгында катышуучулар адистерге суроолорун берип, тиешелүү жоопторду алышты.