Бишкек шаарындагы башкы имам Сарахси мечитинде Бишкек кыз Куран курсу өзүнүн 10 жылдык ишмердүүлүгүн салтанаттуу белгиледи. Бул күн —жыл саноодогу бир дата эмес, жүрөктөрдү нурга бөлөгөн Куран мурасынын даңазалуу уландысы, ыйман менен тарбиянын жандуу күбөсү болду.
Саамалыктын ачылышы Куран окуу менен башталып, курстун тарыхына жана жетишкендиктерине арналган таанытуу видео көрсөтүлдү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Азамат Юсупов, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтий Абдулазиз кары Закиров, Түркиянын Мармара университетинин теология факультетинин профессору, тафсир илимдери боюнча адис Өмер Челик, Манас университетинин өкүлдөрү, устаздар, бүтүрүүчүлөр жана меймандар катышты.
«Куран – Аллахтын сөзү, жүрөктөрдү нурга бөлөгөн түбөлүк жол. Аялзаты – коомдун пайдубалы, келечек муундун тарбиячысы. Эгер аял Куран менен жашаса, үй-бүлө оңолот, коом оңолот. Бишкек кыз Куран курсу он жыл ичинде ушул ыйык максатты аркалап, жүздөгөн кыз-келиндерди илимге, ыйманга жана ахлакка тарбиялап келди. Бул – жөн гана билим берүү эмес, Куранды жүрөктөн жүрөккө өткөргөн руханий мурас. Алла Таала ушул ишке береке берип, Куран менен жашаган кыздар аркылуу үммөттүн жүзүн нурлуу кылсын!»,-деди Азирети муфтий.
Салтанаттуу программанын жүрүшүндө илимий баяндамалар, көркөм окуулар көрүүчүлөргө өзгөчө таасир калтырды. Курстун бүтүрүүчү кыздары тарабынан макам менен Куран окулуп, Пайгамбарыбызга (с.а.в) арналган салаваттар жаңырды.
«Бул иш-чара – убакыттын агымында калчу бир учур эмес, жүрөктөн жүрөккө өтүп, руханий из калтырган, сабыр жана сыр менен безелген узак сапардын таттуу жыйынтыгы болду. Он жыл ичинде курс жүздөгөн кыз-келиндерге ыйман, адеп-ахлак, илим жана үммөткө кызмат багытында жол көрсөтүп, бүгүнкү күндө да өз миссиясын татыктуу улантып келет. Бишкек кыз Куран курсу – бул ыйык Курандын кыздардын жүрөгүндө жашап, коомго нур чачуусунун ачык мисалы»,-деди Бишкек кыз Куран курсунун мүдүрү Жамиля Жороева.