WorldSkills Kyrgyzstan Улуттук чемпионатында Абу Ханифа медресесинин студенти башкы байгени жеңип алды

Бишкек шаарында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде WorldSkills Kyrgyzstan коомдук фонду тарабынан экинчи Улуттук чемпионаттын салтанаттуу жабылуу аземи уюштурулду. Чемпионат үч күнгө созулуп, ага  студенттер, ошондой эле MasterSkills форматы боюнча мугалимдер катышты. Катышуучулар төмөнкү багыттар боюнча кесиптик чеберчиликтерин көрсөтүштү:

  • Сварка технологиялары
  • Мода технологиясы
  • Ашпозчулук

Ашпозчулук  боюнча  Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Абу Ханифа медресесинин 1-курсунун студенти Алия Даутахунова  республика боюнча  башкы байгени жеңип алып 20 000 сом, сертификат, медаль жана белектер менен сыйланса, мода технологиясы  боюнча ушул эле медресенин 1-курсунун студенти Наима Мадюн 2-орунду жеңип алды.

Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар, медалдар жана баалуу белектер ыйгарылып, алардын арасынан эң мыктылары 2025-жылдын 27–29-ноябрында Тайбэй шаарында өтө турган WorldSkills Asia эл аралык чемпионатына катышууга сунушталды.

«Окуу жайыбызда студенттер үчүн бардык шарттар түзүлүп, кошумча кесиптик билим берип келебиз. Учурда сварка технологиялары,  тигүүчүлүк жана ашпозчулук кесиптери боюнча билим берип, жумуш менен камсыз кылуу биздин максатыбыз!»,-деди медресенин мүдүрү Мухаммед Лиров.

Эскерте кетсек, саамалыкты WorldSkills Kyrgyzstan коомдук фонду Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте уюштурган.