Ош облусуна караштуу Ноокат районунда ички иштер бөлүмү тарабынан»Жаңы муун – жаркын келечек, таза муун – коопсуз келечек» аталышында форум өткөрүлүп, анда Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров ИИМдин 2025-жылдын 14-апрелинде чыгарылган 254 буйругу менен «Колдоо көрсөткөндүгү үчүн» медалы менен сыйланды.
Иш-чаранын жүрүшүндө коноктор тарабынан баяндамалар жасалып, ИИМ тарабынан атайын даярдалган мектептеги рэкетчилик боюнча видео ролик жана окуучулар тарабынан театралдаштырылган сахна көрүнүштөрү коюлду.
Иш-чарага Ош ОИИБдин башчысы Нурланбек Бурканов, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, психологдор, жаш активисттер, окуучулар жана ата-энелер катышты.
Аталган сыйлык боюнча Бекназар ажы Жапаров жалпы имамдардын эмгеги экендигин билдирди.
«Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө дайыма кызматташууга даярбыз. Бул багытта имамдарыбыз активдүү катышып келишет. Ошол себептен бул сыйлык райондук хатибияттын жана райондогу жалпы имамдардын эмгеги деп билем», – деди баш имам-хатиб Бекназар ажы Жапаров.
Айта кетсек, Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров буга чейин 2023-жылы да ИИМ тарабынан «Колдоо көрсөткөндүгү үчүн» медалы менен сыйланган.