КМДБнын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Хамидулла ажы Садиллаев Селекционное айылында жайгашкан «Кут Билим» диний окуу борборун зыярат кылып, окуу процессинин жүрүшү жана окуу жайдын жалпы абалы менен таанышты.
Айта кетсек, муфтияттын окуу бөлүмү тарабынан муфтияттын тутумундагы ДОЖдор текшерүүдөн өткөрүлүп, билим берүү жараяны, окуу программасы, китепканасы, жатаканасы, жалпы эле материалдык-техникалык базасы көздөн өткөрүлүүдө. Ошондой эле диний чөйрөдө жаңы кабыл алынган “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамын түшүндүрүү, Азирети Муфтийдин коомдо ислам маданиятын өркүндөтүү, диний билим берүүнү жакшыртуу жөнүндөгү иш-мерчемдерин аткарууга алуу жана КМАКтын №1 протоколдук тапшырмасына ылайык, студенттер менен жолугушуулар өтүүдө. Мындан сырткары КМДБ жетекчисинин тапшырмасынын негизинде муфтиятка караштуу диний окуу жайлардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө максатында убактылуу иштебей турган медреселерден кабар алынып, жеринен текшерилип жатат.