Мухаммадали кары Умаров: «АЛЛА ТААЛА ЖЕҢИШТИ БИЗГЕ ЫРАА КӨРҮП, НАСИП КЫЛГАНЫНА СҮЙҮНДҮМ»

Кечээ, 22-сентябрь күнү Сауд Аравия Падышалыгында Бүткүл дүйнөлүк Куран окуу жана Куран тафсири боюнча конкурс болуп өттү. Мекке шаарында өткөрүлгөн жарышка дүйнөнүн 111 мамлекетинен 153 конкурсант катышты. Кыргызстандын атынан жалгыз барып катышкан Мухаммадали кары Умаров …

Дальше »

Жалал-Абад казыяты Баткен облусунан эвакуацияланган үй-бүлөлөрдөн кабар алып, түрдүү жардамдарды көрсөтүүдө

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков баштаган казыят жамааты Баткенден эвакуацияланган 19 үй-бүлөнү тосуп алып, убактылуу үй-жай менен камсыз кылды. Ошондой эле 125 миң сомдук азык-түлүк жана тамак-аш тапшырды. Эвакуацияланган үй-бүлөлөрдүн балдарына жаңы кийим-кече …

Дальше »

Үй-бүлө бул – аманат

Урматтуу мусулман бир туугандар! Ислам дини ар бир инсанды жаратылышта анын кадырын бирдей кылып жараткан. Бардык жан-жаныбар жуп-жубу менен жаратылган сыяктуу, адам баласы да эркек-аялдан турат. Демек, ак нике менен турмуш жолуна аттанган соң, бири-бирин …

Дальше »

Руслан ажы Жумагулов Баткенден келген жарандарды зыярат кылып, облустук казыяттын штабынан жардамдарды тапшырды

Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Руслан ажы Жумагулов Москва районунун Александровка айылындагы «Имам-аазам» медресесине эвакуацияланган жарандардан кабар алды. Облус казысы менен бирге Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, райондук мамлекеттик администрация жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана …

Дальше »

Жайылдагы мечиттерде жабыр тарткан жарандар үчүн 130 миң сом топтолду

Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу мечит жамааттары Баткендеги кандуу окуялардан жабыр тарткан мекендештер үчүн 130 миң акчалай каражат топтошту. Топтолгон каражаттын 66 700 сому Баткенге жөнөтүлсө, калган каражаттар Мекенди коргоодо шейит кеткен Эрлан Турсунбаев жана Баатырбек …

Дальше »

Азирети Муфтий баштаган Муфтият жамааты Баткен окуяларынан жарат алгандарды зыярат кылып, аларга шыпаа тиледи

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев баштаган КМДБнын жамааты Баткен облусундагы кандуу окуяларда жарат алган жоокерлерди жана жарандарды зыярат кылды. Зыяраттын алкагында Замир кары Ракиев жаракат алган жарандарга жана жоокерлерге шыпаа жана күч-кубат тилеп, …

Дальше »

Чүй облусунун казыяты Баткенге бир фура жардам жөнөттү

Кечээ, 21-сентябрь күнү Чүй облусунун казысы Руслан ажы Жумагулов башында турган Чүй облусундагы дин кызматкерлеринин уюштуруусу менен Баткенде болуп өткөн каргашалуу окуялардан жабыр тарткан жарандарга бир фура гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Азирети Муфтийдин буйругу менен ачылган …

Дальше »

Аалымдар кеңешинин төрагасы жана КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы баштаган топ Баткенде эл менен жолугушууларды улантууда

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдыманап кары Масалиев жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн башчысы Султанали ажы Гапуров баштаган дин аалымдары Баткен облусундагы иш сапарын улантууда. Иш сапардын алкагында Исфана шаарынын, Маргун жана Кулунду …

Дальше »

Салам берүүнүн пазилети

Баарыбызга белгилүү болгондой, ислам араб тилиндеги «салаам» – кыргызча мааниси «тынчтык» деген сөздөн келип чыккан. Демек ислам дини тынчтыктын дини экенин аталышы эле тастыктап турат. Ошондуктан ар дайым биримдик, достук жана ынтымакка чакырган дин болуп …

Дальше »

Ош шаарынын мусулмандар казысы Баткен облусунан келген жарандардан кабар алды

Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мурзакул кары Осмонов «Шейит-дөбө» Куран окуу борборуна жайгаштырылган Баткен облусунан келген жарандардан кабар алды. Анын алкагында чек арадагы кандуу окуялардан жабыр тарткан жарандарга материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүлдү. Эске салсак, Баткен …

Дальше »

Манас районунда зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча жыйын болуп, түшүндүрүү иштерин биргелешип жүргүзүү макулдашылды

Манас районунун администрациясынын жыйындар залында район жетекчилигинин демилгеси менен зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча жыйын болуп өттү. Жыйынга райондун баш имам-хатиби Миржалал ажы Дадабаев, укук коргоо органдары, мектеп мугалимдери жана социалдык педагогдор катышты. Жыйында мектепте жана …

Дальше »

Жалал-Абад облустук казыяты Баткенге бир миллион беш жүз миң сомдук жардам тапшырды

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты Баткенге бир миллион беш жүз миң (1 500 000) сомдук гуманитардык жардам жолдоду. Облустун казыят аппараты, баш имам-хатибдери жана имамдары тарабынан топтолгон азык-түлүк негизинен Мекен сакчыларына берилди. «Момун-мусулман эл кыйналып турганда четте карап …

Дальше »