КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Рафаиль ажы Татиков казыяттардын фатва бөлүмдөрүнүн адистерине онлайн жыйын өткөрүп, алардын отчётторун укту

Бүгүн, 8-июнда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын фатва, диний адабияттар бөлүмүнүн башчысы Рафаиль ажы Татиков облустук жана шаардык казыяттардын фатва бөлүмдөрүнүн  адистерине онлайн жыйын өткөрүп, алардын отчётторун укту. Муну менен катар КМДБнын фатва, диний адабияттар бөлүмүнүн …

Дальше »

Жума намазын окуйбуз! Мечитке келүүдөгү талаптарды так сактайлы

Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча оперативдүү штабынын протоколуна ылайык, өлкөдөгү COVID-19 илдетинин жайылышынын алдын алуу максатында чектөө кирген аймактардагы мечиттер санитардык сактык чараларын толук сактоо менен  жума …

Дальше »

Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Аалымдар кеңешинин ыраазычылык баракчасы менен сыйланды

7-июнь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдуманап кары Масалиев өлкөнүн түштүк аймагына жасаган иш сапары менен барды. Сапардын алкагында Ош шаардык мусулмандар казыятынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып, элге Ислам динин жайылтууда жигердүү кызмат кылып …

Дальше »

Араванда «Бүбүсара» атындагы медреседе бүтүрүү аземи болуп өттү

Ош облусунун Араван районуна караштуу «Бүбүсара» медресесинде бүтүрүү аземи болуп, окууну аяктагандарга дипломдор тапшырылды. Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, орун басары Нурбек Орунбаев, ДИМКнын өкүлү Бөрүмухаммед Эсенов Ош облусунун аялдар бөлүмүнүн башчысы Жамийла Жапашова …

Дальше »

Баткенде чек ара окуясында жабыркаган элге 200000 сомдук жардам көрсөтүлдү

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл аймагындагы «Абдыжабар» мечитинде мечит имамы Абдусами Бегмуратовдун демилгеси менен Баткенде чек ара чырынан жабыркаган элге 200000 сомдук акчалай жана кийим-кече жардамын көрсөтүштү.   Анын ичинде 140000 сомдук акчалай …

Дальше »

Аалымдар Кеңешинин төрагасы Масалиев Абдиманап кары Баткен облусуна иш сапары менен келди

Аалымдар Кеңешинин төрагасы Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун чек арада жабыр тарткан жашоочулар менен жолугушуп, материалдык жана моралдык жардам көрсөттү. Муну менен катар  Баткен шаарында чек ара чырында каза болгон жарандардын жакындары менен жолукту. …

Дальше »

Абдүшүкүр ажы Нарматов Борбордук «Сулайман-Тоо» мечитинде ата-энени сыйлоо тууралуу өз баяндамасын жасады

Бүгүн, 4-июнь күнү Ош шаарынын борбордук «Сулайман-Тоо» мечитинде белгилүү дин аалымы, КИУнун ректору, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдүшүкүр ажы Нарматов ата-энени сыйлоо боюнча өз баяндамасын жасап, мечиттин жалпы жамаатына ата-энени сыйлоого, жума намазынан кийин …

Дальше »

Ош шаардык казыяты Лейлек районунун тургунуна 54 000 сомдук акчалай жардам көрсөттү

Ош шаардык мусулмандар казыятына Баткен облусунун Лейлек районундагы Интернационал айылынын жашоочусу Каработоев Чыңгыздын жакын достору акчалай жардам көрсөтүү боюнча арыз менен кайрылышып, 54 000 сомдук акчалай жардам алышты.  Алардын айтымында, Каработоев Чыңгыз кыргыз-тажик жаңжалында оор …

Дальше »

БТКнын төрагасы Жунус ажы Саранов Ош шаарындагы жума окулуучу мечиттердин финансылык иштерин текшерди

3-4-июнь күндөрү Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы Жунус ажы Саранов жана Ош шаардык мусулмандар казыятынын башкы бухгалтери Билалиддин ажы Надыров шаардагы жалпы жума окулуучу мечиттердин финансылык иштерин текшерди. Айрыкча 2021-жылдагы Орозо фитирдин жергиликтүү мечиттерде калтырылган 60%зы …

Дальше »

Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев: Каныбек агай көрөгөч адам эле

Бүгүн, 4-июнь күнү ОшМУнун мурдагы ректору, экс — билим берүү жана илим министри, Эл аралык Ч. Айтматов академиясынын академиги, чыгаан мамлекеттик жана коомдук ишмер, филология илимдеринин доктору, порфессор маркум Каныбек Исаковду эскерүү кечеси болуп өттү. …

Дальше »

Ош облусунда 51 кыз 30 пара Куранды толук жаттады

Кечээ, 3-июнь күнү Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылдык аймагындагы «Имам ал-Бухарий» ислам институтунда 30 пара Куранды толугу менен жаттаган 51 кыз хафиз болгондугуна байланыштуу аларга дипломдор тапшырылды. Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийдин милдетин …

Дальше »

Өзгөндөгү «Имам ал-Бухарий» ислам интститутунда Пайгамбарыбыздын (САВ) урматына арналган бөлмөнүн ачылыш аземи болуп өттү

Бүгүн, 3-июнь күнү Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылдык аймагындагы «Имам ал-Бухарий» ислам интститутунда Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыевдин катышуусунда Пайгамбарыбыздын (САВ) урматына арналган бөлмөнүн ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар …

Дальше »