Таш-Көмүрдө он жылдыктар мечиттин дааратканасын бүтүрүп беришти

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарына караштуу Кудук-Сай айылындагы «Хадича бинту Хувайлид» мечитинин имамы Абдурашид Кожокановдун демилгеси менен айылдагы 2010-жылы мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөр мечиттин дааратканасын бүтүрүп беришти. Курулушка жалпысынан элүү миң сомго жакын акча сарпталды.Андан сырткары имамдын …

Дальше »

Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитов мечиттерде санитардык талаптардын канчалык сакталганын жеринен таанышты

Кечээ, 17-июнь күнү Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитов «Мадина» базарында жайгашкан «Мадина» мечитине барып, мечитте санитардык талаптардын аткарылышы менен жеринен таанышты. Анын айтымында «Мадина» мечитинде Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыктын, казыяттын коюлган талаптары так аткарылып …

Дальше »

Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы борбордук мечит толугу менен дезинфекцияланды

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы борбордук мечитинде толугу менен жугушсуздандыруу иштери жүргүзүлдү. Бул Ак-Талаа районунун баш имам хатиби Акылбек Эсеналиев билдирди. Анын айтымында, бүгүн 17-июнь күнү Нарын облусунун Акталаа райондук өрткө каршы башкармалыгынын 47-чи …

Дальше »

Талас шаарында жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына белектер жана азык-түлүк таратылды

Талас облустук көк бөрү федерациясынын президенти Жылдыз Музуратбеков Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында Талас шаарында турган жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына белектерди жана азык-түлүк таратып берди. Тактап айтканда 65 балага жагымдуу маанай тартуулоо максатында …

Дальше »

Чүй казыятынын борбордук мечитинде жыйын болуп өттү

Кечээ, 16-июнь күнү Военно-Антоновка айылындагы Чүй казыятынын борбордук «Хадижа» мечитинде, Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Замир каары Ракиев, БТКнын төрагасы Бакыт ажы Нурдинов, КМДБнын эсепчиси Султан ажы Момунов, Чүй казысы Руслан ажы Жумагулов жетектеген …

Дальше »

«Равза» медресесинин окуучуларынан онлайн түрүндү жылдык сынак алынды

Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан «Равза» медресесинин жалпы окуучуларынан жылдык сынак жана бүтүрүүчүлөрүнөн мамлекеттик сынак алынды. Бул тууралуу аты аталган медресенин мүдүрү Өскөн ажы Каландаров маалымдады. Маалыматка ылайык, учурдагы кырдаалага байланыштуу экзамендердин …

Дальше »

Базар-Коргон районунда бир кылым болгон мечит заманбап болуп курулууда

Бүгүн, 16-июнь күнү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунуна караштуу Базар-Коргон айыл аймагында  мындан сексен жыл мурун СССР мезгилинде курулган тарыхый мечиттин  эскилиги жеткендигине байланыштуу бузулуп, анын ордуна жаны заманбап үлгүдөгү мечиттин  курулуш иштерди башталды. Мечиттин курулушун баштоо  иш-чарасына Базар-Коргон райондук администрациясынын өкүлү  …

Дальше »

Бишкек шаарынын имамдарына Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин илимий журналы таратылды

Бүгүн, 16-июнда Бишкек шаарынын жалпы  имамдарына шаар казысы Садридин ажы Маджитов жыйын өткөрдү. Айрыкча учурдагы пандемиялык  абалдын талаптарын так аткарууга, ар бир мечитке келген киши медициналык бет кап тагып, дене табын өлчөп жана мечитте 1,5 метр аралыкты …

Дальше »

Орус, түрк, араб тилдеринде эркин сүйлөп, учурунда бир катар фирмаларда эмгектенген Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Борочоров Жакшылык Айсаракунович

Борочоров Жакшылык Айсаракунович 1968-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда төрөлгөн. БИЛИМ АЛУУГА БОЛГОН АЛГАЧКЫ КАДАМ: 1985-жылы орто мектепти аяктап, Бишкек шаарындагы Бишкек курулуш техникумуна окууга тапшырган. 1986-1988-ж.ж. Советтик Армиянын катарында Кызмат өтөгөн. 1988-жылы Бишкек курулуш техникумуна …

Дальше »

Мектепти аяктап, армияда кызмат өтөп, Ташкентте билимин улантып, кийин «Ал-Азхар» университетин бүткүргөн Нарматов Абдишүкүр Исламовичтин өмүр таржымалы

Нарматов Абдишүкүр Исламович 1968-жылы Баткен облусунун Достук айылында туулган. Атасы Ислам ажы Нарматов өмүрү намазын каза кылбаган намазкөй, такыба киши болгон. Абдишүкүр устаздын кичинекейинен эле динге кызыгы артып, илим-билимге берилүүсүнө такыба атасынын тарбиясы чоӊ таасир …

Дальше »

Ысык-Көл облустук казыяты муктаждарга фитир-садака таратууда

Рамазан айында чогултулган фитир-садака муктаж болгон үй-бүлөлөргө, жетим-жесирлерге таратылып берилүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков билдирди. Рамазан айында чогултулган фитир-садака, жардамга кол сунган жарандарыбыздын арыздардын негизинде ден соолугуна  байланыштуу дарыланып жаткандарга,  көп …

Дальше »

Баткен облусунун мурунку казысы Юсуп ажы Балтабаевдин сөөгү Москва шаарында жерге берилди

Баткен облустук мусулмандар казыятынын мурдагы казысы Юсуп ажы Балтабаевдин акыркы сапарга узатуу зыйнаты 11-июна Москва шаарында өткөрүлдү. Ага маркумдун жакын туугандары, мекендештер жана Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Россия Федерациясындагы  өкүлү Сүйүнбек ажы Жусубалиев катышты. Юсуп …

Дальше »