Жалал-Абад шаардык мэриясында мечиттердин ачылуусуна карата жыйын болуп өттү

Бүгүн, 5-майда Жалал-Абад шаардык мэриясынын кеңешме залында 8-июндан тарта ишке кире турган мечиттердин ачылуусу боюнча жыйын болуп өттү. Жыйынга Жалал-Абад шаардык хатибиятына караштуу имамдар жана мэрия кызматкерлери, Жалал-Абад шаардык санэпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери катышты. Жыйында …

Дальше »

Бишкек шаардык казыяты мечиттердин ачылышына даярдык көрүүдө

Бүгүн, 5- июндан тартып борбор калаадагы мечиттердин ачылышына карата кызуу даярдыктар башталды.  Ар бир ибадат үчүн келген жаранга талаптагыдай шарт түзүп берүү максатында санитардык сактык чараларын алдын алуу иштери көрүлүүдө. Бул тууралуу казынын орун басары Эрназар …

Дальше »

МУФТИЯТ ЭСКЕРТЕТ! 8-июндан тарта мечиттерге келүү тартибин жана талабын так сактайлы

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы Республикалык ыкчам штабтын чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагындагы мечиттерге чектөөлөр алынгандыгына байланыштуу 2020-жылдын 8-июнунан баштап мечиттерди жана намазканаларды санитардык сактык чараларын толук сактоо менен бирге ишке киргизип баштайт. КРнын Саламаттыкты сактоо …

Дальше »

Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев өз шакирти Сыдыков Касым ажыга “Ваз 2107” авто унаасын белек кылды

Талас облусуна караштуу  Манас районунун баш  имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев  өз шакирти Сыдыков Касым ажыга  “Ваз 2107” авто унаасын  белек кылды.   Тапшыруу аземинде Анарбек ажы, Сапарбек ажы, Тургуналы ажы жана айылдын тургундары катышышты. …

Дальше »

Бала жылмайса аалам жылмаят! Аравандын баш имам хатиби балдарга белек таратты

Кечээ, 1-июнь күнү Араван районунун баш имам хатиби Алибек ажы Жусуповдун демилгеси менен  15 муктаж жана мүмкүнчүлүгү  чектелген балдарга 32 000 сомдук белектер тапшырылды. Иш- чара 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата өткөрүлдү. Мында окуу куралдары, жазгы …

Дальше »

Ош облусунда дин кызматкерлери карантин башталган күндөн тарта 5144 үй-бүлөгө 7000000 сомдон ашуун жардам көрсөттү

Ош облусунун аймагындагы дин кызматкерлери өлкө аймагына өзгөчө абал режими күчүнө кирген күндөн тарта аз камсыз болгон 5144 үй-бүлөгө 7069000 сомдук азык-түлүк жана акчалай жардам көрсөтүштү. Анын ичинде эң көп жардам көрсөткөн аймак катары Кара-Суу …

Дальше »

Талас облусунда 300 дөн ашуун үй – бүлөлөргө азык-түлүктөр тапшырылды

Бишкектен бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын демөөрчүлүгү менен Талас облустук мусулмандар казыятынын кызматкерлери Талас облус боюнча 5 тоннага ылайыкталган азык — түлүк баштыгын 300 дөн ашык үй — бүлөгө таратылды. Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы буга чейин …

Дальше »

Борбордук «Имам аль-Бухарий Алай» мечитинде дезинфекция иштери жүргүзүлдү

Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу борбордук » имам аль-Бухарий-Алай» мечитинде ремонт иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу мечитти толук түрдө дезинфекция иштери да жүргүзүлдү. «Азыркы учурда мечиттер жабык болгондугуна байланыштуу, мечиттин кээ бир ремонт иштерин бүтүрүп жатабыз. …

Дальше »

Ош шаардык казыяты тарабынан Көзү азиздер жана дүлөйлөр коомдук фондуна жардам берилди

Ош шаарынын Анар кичи районунда жайгашкан көзү азиздер жана дүлөйлөр коомдук фондуна Ош шаардык мусулмандар казыяты тарабынан 4 мешок ун берилди. Айта кетсек, буга чейин Ош шаардык мусулмандар казыяты Анар кичи районунда жайгашкан көзү азиздер …

Дальше »

КМДБ тарабынан Чүйдөгү жардамга муктаж үй-бүлөлөргө 147 мүшөк ун жана «Дарттан сактануу үчүн 10 насаат» аттуу китепче таратылды

Чүй облусуна Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан 147 мүшөк ун келип, облустагы муктаж үй-бүлөлөргө таратылды. Бул ун таратуу иш-чарасы Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максат ажы Токтомушевтин демилгеси менен ишке ашып, ага кайрымдуу жарандар демөөрчүлүк кылышкан. …

Дальше »

Имамдын жардамчысынан Аалымдар Кеңешинин мүчөсүнө чейин жеткен Ташхужаев Анасхон Жалалиддиновичтин ийгиликтери

Ташхужаев Анасхон Жалалиддинович 1967-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун Сафедбүлан айылында төрөлгөн. БИЛИМ АЛУУГА БОЛГОН АЛГАЧКЫ КАДАМ: Алгачкы диний таалимди атасы Жалалиддин ажыдан алып, 1974-жылы орто мектептин босогосун аттаган. Турмушка байланыштуу 2-3-классты Баткен облусунун Исфана …

Дальше »

12 жашында дин илимин алып, 18 жашына чейин молдо Сабыр, молдо Шакир ажылардан билим алган Абдиманап каары жөнүндө эмнелерди билесиз?

Масалиев Абдиманап Маликович 1965-жылы Баткен шаарында жарык дүйнөгө келген. БИЛИМ АЛУУГА БОЛГОН АЛГАЧКЫ КАДАМ: Атасы молдо Малик 12 жаштагы уулун дин илимин окуусу үчүн алгач Баткендин Раут Каут айылындагы Шамши аттуу молдого окууга берет.  18 …

Дальше »