Ноокенде Рамазан айынын урматына 80 балага окуу куралдары таратылды

Ноокен райондук хатибияты Рамазан айынын урматына демөөрчүлөрдүн жардамы менен ата-энесинен эрте ажыраган 80 окуучуга  атайын окуу куралдарын тапшырды. Иш-чара райондун борбордук “Нур” жума мечитинде болуп, ага райондун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков катышты. Райондун баш …

Дальше »

Тоңдо «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолу боюнча жыйын өткөрүлдү

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда Президенттин №54 жарлыгын, Муфтияттын №5 фатвасын, «Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолун элге жеткирүү, ошондой эле суициддин, зордук-зомбулуктун алдын алуу жана таалим-тарбия маселелери боюнча чоң жыйын болуп өттү. Жыйын Ысык-Көл казыяты, Тоң …

Дальше »

ДОЖ жетекчилерине Дин тутуу эркиндиги жөнүндөгү мыйзам жана аны ишке ашыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Бүгүн, 18-март күнү Башкы «Имам Сарахсий» мечитинде Ысык-Көл, Нарын, Талас, Чүй облустары жана Бишкек шаарындагы ДОЖ жетекчилерине багытталган жыйын өткөрүлдү. Аталган саамалык Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун өлкөдө ислам маданиятын өркүндөтүү жана КМДБны өнүктүрүүгө багытталган …

Дальше »

Ажылыкты уюштуруу штабы САПтын «Араб мамлекеттери» ажыларды тейлөөчү ассоциациясы менен онлайн пикир алышты

КМДБнын алдындагы 2025-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Жолдошбек ажы Абдылдаев САПтын «Араб мамлекеттери» ажыларды тейлөөчү ассоциациясынын вице-президенти Хассан Маажини менен аралыктан сүйлөштү. Онлайн талкууда негизинен 2025-жылдагы ажыларды тейлөө кызматын жакшыртуу боюнча пикир алмашылып, сунуштар ортого …

Дальше »

Талас шаарында борбордук мечиттин курулушу башталды

Талас шаарындагы борбордук мечиттин курулушуна мезгил капсуласы салынды. Бул маанилүү иш-чарага Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев, жергиликтүү Кыргызстан мусулмандарынын Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, Кыргызстан Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү, Талас облусунун казысы Сулумбек ажы …

Дальше »

Хатибияттын демилгеси менен жетим-жесирлерге ооз ачар уюштурулду

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров райондогу Т. Кулатов, Төөлөс, Бел жана Көк-Жар айыл өкмөтүндөгү жетим-жесирлер үчүн кайрымдуулук катарында ооз ачар уюштурулгандыгын билдирди. Аталган ооз ачарда жаш балдар үчүн оюн-зоок, жарыштар …

Дальше »

Ош шаарындагы бардык диний мекемелерде ишембилик өткөрүлдү

Бүгүн, 15-март күнү КМДБ жана Ош шардык мэриясынын тапшырмасына ылайык мечит, медресе жана диний окуу жайларда чоң масштабтагы ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликке шаар казысы Мирланбек ажы Токтомушов баш болгон казыяттын эмгек жамааты жана дин кызматкерлери активдүү …

Дальше »

Балыкчы: Азирети Муфтий «Абдулла шейх» аттуу мечиттин курулушуна капсула салды

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында курула турган «Абдулла шейх» атындагы жаңы мечиттин курулушуна капсула салынды. Салтанаттуу иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Замир кары Ракиев, Ысык-Көл облусунун казысы Самидин …

Дальше »

Ысык-Көл районунун имамдары үчүн Президенттин жарлыктары жана Муфтияттын фатвалары боюнча жыйын өттү

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда казыят, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын (ДИМК) өкүлчүлүгү жана Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) менен биргеликте район имамдары үчүн жыйын өткөрүлдү. Жыйында Президенттин №54 жарлыгы жана Муфтияттын №5 фатвасы тууралуу …

Дальше »

Ысык-Көл районунда 400 дөн ашуун үй-бүлөгө кайрымдуулук жасалды

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук хатибияты тарабынан Чолпон-Ата шаарынан баштап бардык айылдардагы 410 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды. Кайрымдуулук ишин аты аталбаган бир тууган демөөрчү уюштурган. Ар бир кайрымдуулук баштыгынын наркы 2000 сомду түзүп, жалпы суммасы 820 000 …

Дальше »

Балыкчы шаарында Президенттин жарлыктары жана Муфтияттын фатвалары боюнча жыйын өттү

Бүгүн, 13-март күнү Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында казыят, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын (ДИМК) өкүлчүлүгү жана Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) менен биргеликте шаар тургундары жана активисттери үчүн жыйын өткөрүлдү. Жыйында Президенттин №54 жарлыгы …

Дальше »

Өзгөндө жаштар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлө баштады

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун баш имам-хатиби Үсөн Маматтурсун уулу райондук ички иштер башкармалыгында мектеп окуучуларына «Зордук-зомбулуктун жана рэкетчиликтин алдын алуу максатында уюштурулган түшүндүрүү иш-чарасына катышты. Иш-чарада баш имам-хатиб Үсөн Маматтурсун уулу мектеп окуучуларына Мекенди …

Дальше »