Жалал-Абадда «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» кабыл алынган жаңы мыйзам жана элге туура так маалыматты жеткирүүдөгү имамдардын ролу талкууланды

Кечээ, Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыяты имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу максатында «Ханафий мазхабын жайылтууда КРнын мыйзамдарын жана диний концепциясын негизге алып иш алып баруу» деген темада атайын иш-чара өткөрдү. Бул иш-чарага Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Нематулла …

Дальше »

Жалал-Абад шаарындагы 10 000 орунга ылайыкташып курулуп жаткан борбордук мечиттин курулушу тездик менен жүрүп жатат

Жалал-Абад шаарындагы 10 000 орунга ылайыкташып курулуп жаткан борбордук мечиттин курулушу тездик менен жүрүп жатат. Облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков, мекендештердин үмүтү чоң болгон ушул курулушту өз көзү менен көрүп, анын кандай жүрүп жатканына кызыккан. …

Дальше »

МААНИЛҮҮ! Ажылыкка жолдомо алган талапкерлер калган 2 400 АКШ долларын 14-февралга чейин төлөөсү зарыл

2025-жылдагы ажылык үчүн ажылыктын электрондук базасына аймактарда катталып, ажыга барууга мүмкүнчүлүк алган ар бир талапкер 2025-жылдын 6-февралынан 14-февраль (14-февралды кошо эсептегенде) РСК Банктын иштөө убактысынын бүтүүсүнө ылайык калган 2400$ (эки миң төрт жүз) АКШ долларын …

Дальше »

Баткенде диний аң-сезимди жогорулатуу жана экстремизмдин алдын алуу талкууланды

Баткен районунун Бужум айылынын Ш.Токсонов атындагы орто мектебинде дин боюнча жаңы кабыл алынган мыйзамды туура түшүндүрүү, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, ошондой эле балдар арасындагы зордук-зомбулукка каршы күрөшүү боюнча жыйын өттү. Иш-чарага КРнын Дин иштери …

Дальше »

Таласта мечиттерде өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча инструктаж өтүлдү

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиевдин демилеси менен өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча атайын иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара Талас облусундагы Бакай-Ата жана Талас райондорунун имамдары үчүн уюштурулуп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бакай-Ата районунун «Өрт өчүрүү жана …

Дальше »

Билимдүү имам – бекем коом: Ысык-Көлдө дин кызматкерлерине «Акыйда Насафия» китебинен окуу курсу өтүүдө

Ысык-Көл облусунун имамдарынын диний билимин жогорулатууга багытталган окуу курсу Балыкчы шаарында уланууда. Бул иш-чара буга чейин Жети-Өгүздө башталып, эми Балыкчыдагы Исагалы Сабира медресесинде өткөрүлүп жатат. Окуунун негизги максаты – «Акыйда Насафия» китебин терең үйрөнүү аркылуу …

Дальше »

Радикализмдин алдын алуу жана коопсуздук: Чүй облусундагы кызматташтык

Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Каныбек Абдырахманов менен жолугушуп, аймактагы диний жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу маселелерин талкуулады. Жолугушуунун алкагында диний экстремизмге жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү, …

Дальше »

Лейлек районунда жаңы мечит пайдаланууга берилди

Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы диний жана руханий өнүгүүгө, элдин ынтымагын жана ыйманын бекемдөөгө дагы бир ирет шарт түзүлдү деп билдиришти аймактык казыяттан. Тактап айтканда, аталган райондун Кең-Талаа айыл аймагынын Бешкент айылында эскилиги жеткен чакан …

Дальше »

Мечитти тазалаган жигитке умра сапарына жолдомо белек кылынды

Бүгүн, 31-январь күнү Ош облусуна караштуу Алай районундагы “Таш-Короо” мечитинин жергиликтүү жамааты 6 жылдан бери мечиттин тазалыгын караган жигитке умра сапарына жолдомо белек кылышты. «Ынтымак бар жерде – ырыс бар» дегендей, Таш-Короо элинин ынтымагы бекем. …

Дальше »

Каракол шаарынын баш имам-хатиби болуп Рустам ажы Ыбыкеев дайындалды

Бүгүн, 31-январда Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев Каракол шаарынын баш имам-хатиби кызматына Рустам ажы Ыбыкеевди дайындады. Облус казысы Каракол шаарынын борбордук мечитинде жума баянынан кийин жаңы баш имам-хатибди жамаатка тааныштырды. Самидин кары Рустам …

Дальше »

Талас районунда имамдар арасында акыйда сынагы уюштурулуп, 2 имамга умрага жолдомо тапшырылды

Талас облусунун Талас районунун имамдары арасында “Фикхул Акбар” китебинин негизинде акыйда сынагы уюштурулду. Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Кенжетай ажы Курманкожоев жана Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев ардактуу конок катары катышкан сынакта жогорку билимдүү устаздар …

Дальше »

Жарыя! Бишкекте салттуу ислам түшүнүгү: Ханафийлик-матуридилик аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциясы өтөт

Иллюстрациялык сүрөт: Конференция залы 2025-жылдын 13-февралында ордо калаада Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши тарабынан «Салттуу ислам түшүнүгү: Ханафийлик-матуридилик» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциясы уюштурулат. Эл аралык илимий-практикалык конференцияга КР Мамлекеттик Катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Сапарбекович, КР Президентинин …

Дальше »