Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (ДИМК) менен Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы өлкө башчынын «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча» Жарлыгынын алкагында бүгүн, 28-февралда жалпы мечит имамдарынын билим деңгелин …
Дальше »Жаңылыктар
Жети-Өгүз районунун баш имам-хатиби Кызыл-Суу айылындагы имамдар жана айыл аксакалдары менен жолугушуп, ысырапкерчиликтин алдын алуу боюнча маалымат берди
Жети-Өгүз районунун баш имам-хатиби Талантбек Акылбек уулу Кызыл-Суу айылындагы имамдар жана айыл аксакалдары менен жолугушуп, ысырапкерчиликтин алдын алуу боюнча маалымат берди. “Заманга жараша, шартка жараша сарамжалдуулукту, үнөмдү үйрөнгөнүбүз жакшы. Ашыкча чыгымдарга жол бербей эсеп-чот менен, баам-парасат менен, …
Дальше »
Баткен облусунун казысы мечиттерди каттоодон өткөрүүдө кетирген кемчиликтери үчүн Кадамжай жана Лейлек районунун баш имам-хатибтерине эскертүү берди
Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нурудин ажы Мамасабиров район, шаарлардын баш имам-хатибтери менен биргеликте жыйын өткөрүп, анда мамлекеттик каттоодон өтө элек мечиттердин документ иштерин тездетүү маселеси каралды. Облус казысы 2021-жылдын 26-ноябрындагы №49 буйруктун талаптарын аткаруу керектигин …
Дальше »
Ноокат районундагы жооптуу имамдарга жыйын өтүп, анда мечиттердин каттоо иштерин бүткөрүү маселеси каралды
Ош облусунун Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев айыл өкмөттөр боюнча жооптуу имамдарды чогултуп, каттоо иштерин бүткөрүү тапшырмасын берди. «Баарыңыздар билгендей, райондордо каттоо иштерин тез арада бүткөрүү боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Биз ошол комиссия …
Дальше »
Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков райондун баш имам-хатибдери менен жолугушуп, аймактагы диний абалдан кабар алып, бир катар тапшырмаларды берди
Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы Алмазбек ажы Сагындыков райондун баш имам-хатибдери менен жолугушуп, аймактагы диний абалдан кабар алып, бир катар тапшырмаларды берди. Облус казысы өзгөчө эл арасында ата-энени, мугалимдерди, улууларды сыйлоого, адептүүлүккө чакыруу менен бирге зынаа, …
Дальше »
Өлкө аймагындагы бардык дин кызматкерлер март айынан апрель айына чейин ишембилик өткөрүшөт
Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин буйругу менен дин кызматкерлери март айынан апрель айына чейин ишембилик өткөрүшөт. Иш-чара алкагында дин кызматкерлери (Муфтият жана ар бир Казыят, хатибият, мечит имамдары, диний окуу жайлар) мечиттерди, диний …
Дальше »
Азирети Муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев Ош шаарына расмий иш сапары менен барып, дин кызматкерлери менен жолугушту
Бүгүн, 24-февраль күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев Ош шаарына расмий иш сапары менен келип, калаадагы дин кызматкерлерине жыйын өткөрдү. Жыйын алкагында ислам дининдеги фыкх маселелерине токтолуп, имамдардын билимин жогорулатуу боюнча …
Дальше »
ОшМУнун теология факультетинен практика өтөө үчүн келген студенттерди шаар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев кабыл алды
Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев ОшМУнун теология факультетинен практика өтөө үчүн келген студенттерди кабыл алып, аларга кеп-кеңештерин айтып, окууларына ийгиликтерди каалады. «Жаштык мезгилди илим алуу менен өткөрүү чоң бакыт. Алган илимди эстен чыгарбоо …
Дальше »Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын 31 жылдык майрамдык иш-чарасына катышты
Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев облустук ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын (ЭММКАК) түзүлгөндүгүнүн 31 жылдык майрамдык иш-чарасына катышты. Облус казысы ЭММКАК кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирүү менен мекен үчүн талыкпай …
Дальше »
Аалымдар Кеңеши коммерциялык эмес турак жай кооперативи аркылуу турак жай же унаа алуунун өкүмү жөнүндө фатва чыгарды
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин фатвасы толугу менен берилет. Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин VII чакырылышынын 03-протоколдук жыйынынын чечиминин негизинде Коммерциялык эмес турак жай кооперативи аркылуу турак жай же унаа алуунун өкүмү жөнүндө төмөндөгүдөй фатва чыгарат: № …
Дальше »Убайдулла ажы Сарыбаев: Биз оорусак кошо ооруп, багып, чоңойткон ата-эненин кадырын билели
Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев «Инсан таануу» коомдук бирикмесинин 6 жылдык саамалыгына катышып, «Ата-энени сыйлоо» темасында баяндама жасады. Иш-чарага ЖК депутаттары Нуржигит Кадырбеков жана Эрулан Кокулов катышып, жаштарга билим алуунун маанилүүлүгүн айтып беришти. …
Дальше »
Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев 4-апрелге чейин каттоодон өтө элек мечиттердин документтерин даярдоо тапшырмасын берди
Талас облусундагы мечиттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү боюнча облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев райондордун баш имам-хатибтерине жыйын өткөрдү. Облус казысы Талас аймагындагы документтери бүтө элек мечиттерди 4-апрелге чейин толук каттоого даярдоо керектигин билдирди. «Ар бир диний …
Дальше »



