Азирети Муфтий: Адам баласына сый-урмат Алла Таала тарабынан берилген

Бүгүн, 26-ноябрда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан Бишкекте өтүп жаткан «Ислам азыркы светтик мамлекетте: конфессиялар аралык кызматташтыктын тажрыйбасы» аттуу IV эл аралык конференцияга катышты. Азирети Муфтий Максатбек …

Дальше »

Азирети Муфтий Казакстандын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулган онлайн жыйынга катышты

Бүгүн, 25-ноябрда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Казакстандын мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган Эл аралык онлайн жыйынга катышты. Жыйын “Бейпилчилик менен руханий келишимди сактоодогу диний институттардын ролу” деген тамада өтүп, …

Дальше »

Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби бейтаптардан кабар алды

Бүгүн, 25-ноябрь күнү Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков авто кырсыктан жапа чеккен жана бутунан жабыркап кестирүүгө мажбур болгон шаар тургундарынан кабар алды. Тагдырдын татаал сыноосуна туш болгон мекендештерге жылуу сөздөрүн …

Дальше »

Таш-Көмүр шаарында муктаж үй-бүлөлөргө кышкы жылуу кийимдер таратылууда

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык хатибияты жардамга муктаж үй-бүлөлөргө, көп балалууларга кышкы жылуу кийимдерди таратууда. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда баш имам хатиб Мураталы ажы Мансуров билдирди. Анын айтымында, Якутия жергесинде жашап, эмгектенген Таш-Көмүр шаарынын уул-кыздары 2018-жылдан …

Дальше »

Азирети Муфтий жол кырсыгынын алдын алуу боюнча апталык иш-чара өткөрүү тапшырмасын берди

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жол кырсыгынын көбөйүп жаткандыгына байланыштуу «Адам жаны аманат» аталышында атайын апталык иш-чара өткөрөт. Бул туурасында Азирети Муфтий бүгүн, 25-ноябрда КМДБнын эмгек жамаатына өткөргөн жыйында билдирди. Азирети Муфтий  учурда жол кырсыгынан адамдардын …

Дальше »

Талас шаарында медиа сабаттуулук боюнча жыйын болду

Талас шаарындагы Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө “Мен медиа сабаттуумун!” аталышындагы долбоордун жыйынтыктоочу жыйыны болуп өттү.  Ага КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Кыял Байышов баштаган мамлекеттик кызматкерлер, күч органдары, казыяттын …

Дальше »

Ош шаарында имамдын демилгеси менен жардамга муктаж 15 үй-бүлөгө көмүр, азык-түлүк таратылды

Ош шаарындагы «Имам Хасан» мечитинин имам хатиби Анасхан ажы Ташхужаевдин демилгеси менен жардамга муктаж 15 үй-бүлөгө көмүр жана азык-түлүк тапшырылды. «Бул жылы кыш эрте келип, эл даярдыксыз калды. Ал эми муктаж үй-бүлөлөр ар тараптуу кыйналып …

Дальше »

Базар-Коргон районундагы “Ак-Тайлак ата” борбордук мечитинин дааратканасы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жайгашкан «Ак-Тайлак ата» борбордук мечитинин дааратканасы капиталдык ремонттон өтүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Базар-Коргон районунун баш имам хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков билдирди. Анын айтымында, райондук хатибият тарабынан демилге көтөрүлүп, …

Дальше »

Чүй казысы Руслан ажы Жумагулов облустагы баш имам хатибтерге жыйын өткөрдү

Кечээ, 23-ноябрда Чүй облусунун Кара-Балта шаарында Чүй облусунун мусулмандар казыятынын кызматкерлери жана облустагы баш имам хатибтердин катышуусунда кезектеги көчмө жыйын болуп өттү. Жыйын Чүй казысы Руслан ажы Жумагуловдун жетекчилигинде өтүп, ар бир райондун баш имам …

Дальше »

Баткен районунда мечиттерге жана муктаж үй-бүлөлөргө акысыз көмүр таратылды

Баткен районунун Бужум айылындагы  «Аль Таваарий» мечитинин имамы Аббас Назаровдун демилгеси жана  жергиликтүү демөөрчүлөрдүн  колдоосу менен   айылдагы мечиттерге жана  муктаж болгон үй-бүлөлөргө  акысыз көмүр таратылды. «Жергиликтүү демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирем. Алардын колдоосу менен айылдагы 9 мечитке …

Дальше »

КМДБнын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев: Балдар-биздин келечегибиз болсо, билим-бизди караңгылыктан жарыкка чыгаруучу шам чырак

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиевдин демилгеси менен  Москва шаарында окуп жаткан окуучулар арасында «Китеп-билим булагы» аталышындагы конкурс өттү. Конкурстун алкагында бир катар китептерден жарыш   өтүп, жеңүүчүлөр белектер менен сыйланышты. Муну менен …

Дальше »

Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев «Өмүрү өрнөктүү инсандар» китебинин автору, 83 жаштагы Абдинаби ажы Жунусовду кабыл алды

Бүгүн, 23-ноябрда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Ноокат районунун ардактуу тургуну, 83 жаштагы Абдинаби ажы Жунусовду кабыл алды. Жолугушууда Абдинаби ажы Жунусов  «Тарых жана маданият» жылына карата «Өмүрү өрнөктүү инсандар»  аттуу китеби менен …

Дальше »