Азирети Муфтий Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Садыбакас ажы Дооловдун атасынын көзү өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев  Аалымдар Кеңешинин мүчөсү  Садыбакас ажы Дооловдун атасынын көзү өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты. Урматтуу Садыбакас ажы! Атаңыз  молдо Шараптын дүйнө салышына байланыштуу чын көңүлүмдөн көңүл айтамын.  Бул оор кабарды терең …

Дальше »

Жоробай ажы Шергазыев: Кызмат ордубузга жоопкерчилик менен мамиле жасап, өз милдеттерибизди так аткаруубуз керек

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Ош облусу жана Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында шаардык казыяттын эмгек жамааты менен жолугуп, жыйын өткөрдү. Жыйында Азирети Муфтийдин орун басары:  Дин кызматкерлери кызматтык милдеттерин …

Дальше »

Ниязалы ажы Арипов: Элдин биримдиги, мамлекетибиздин ички бекемдиги

Кечээ, 6-ноябрь күнү Ош шаарынын «Сулайман-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгында Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Ниязалы ажы Арипов ынтымак, диндеги аша чапкандык жана экстремизмдин алдын алуу боюнча баяндамасын жасады. Иш-чарага Ош шаарынын мусулмандар казысынын …

Дальше »

Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Ош облустук казыятына бир катар тапшырмаларды берди

Бүгүн, 6-ноябрда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош облустук казыятынын эмгек жамаатына жыйын өткөрдү. Жыйында Азирети Муфтийдин орун басары төмөнкү маселелерге токтолду: Дин кызматкерлери кызматтык …

Дальше »

Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев ЖМКнын өкүлдөрүнүн кесиптик майрамы менен куттуктады

Урматтуу журналисттер жана жалпыга маалымдоо каражатынын кызматкерлери! Баарыңыздарды кесиптик майрамыңыздар менен ак дилимден куттуктайм! Азыркы ааламдашуу доорунда маалыматсыз жашоону элестетүү кыйын. Күнүмдүк турмушубуз маалымат менен башталып, маалымат менен аяктайт. Кыскасы, бүт дүйнөнү кыймылдатып жаткан — …

Дальше »

Ош шаарында 2021-2026-жылдарга карата КРнын дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы талкууланды

Кечээ, 5-ноябрь күнү Ош шаарында «2021-2026-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы» жөнүндөгү долбоору талкууланды. Талкууга КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Зайырбек Эргешов, КМДБнын Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев, …

Дальше »

Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Афганистандын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Абдул Мажид Каргар менен жолугуштуп, кызматташууну талкуулашты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Афганистан Ислам Республикасынын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Абдул Мажид Каргар менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулашты. Жолугушууда Азирети Муфтий Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы эки тараптуу кызматташууга даяр экендигин …

Дальше »

Ат-Башынын Ача-Кайыңды айылынын тургундары Нарын медресесине жардам көрсөттү

Күздүн кирип келиши менен Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын жергиликтүү тургундары Нарын медресесин колдоо максатында өз ыктыяры менен күзгү түшүмдөн үшүр жыйнап беришти. Бул тууралуу Ат-Башы районунун хатибиятынан билдиришти. Хатибияттан билдиришкендей, Ат-Башы районунун хатибиятынын кызматкерлери жана …

Дальше »

Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барды

Бүгүн, 4-ноябрда Жалал-Абад облустук казыятынын жыйындар залында Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Жалал-Абад казыятынын эмгек жамаатына жыйын өткөрдү. Жыйынга казыяттын кызматкерлери, Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун баш имам хатибдери катышты. Азирети Муфтийдин орун …

Дальше »

Баткенде 2021-2026-жылдарга карата диний концепция талкууланды

Кечээ, 3-ноябрда Баткен шаарындагы «Алтын Каз» кафесинде 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын  долбоору талкууланды. Ага КРнын ДИМКнын директору Заирбек  Эргешов,  Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары  Жоробай ажы Шергазыев казыят, хатибият кызматкерлери жана …

Дальше »

Ноокен районундагы “Арал” мечитинде заманбап даараткана курулду

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Арал айыл аймагынын имамы Мелисбек Кадырбековдун демилгеси менен  «Арал» жума мечитинин дааратканасы бардык шарты менен пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Ноокен районунун баш имам хатиби Ашим ажы Абидинов билдирди.  Анын …

Дальше »

Бакай – Ата районунун борбордук мечити кеңейтилип, бардык шарты менен салынууда

Талас облусунун казысы Таалай ажы Бапиев  Бакай – Ата районунун борбордук мечитинин курулуш ишинин жүрүшү менен таанышып чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Бакай – Ата районунун баш имам хатиби Үсөн ажы Жороев билдирди. Анын айтымында, …

Дальше »