Ош шаарындагы имамга «Hyundai sonata» үлгүсүндөгү авто унаа белекке берилди

Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаевдин демилгеси менен «Имам аль-Бухарий Алай» жана «Шейит-дөбө» мечитинин имамы Усманов Мухаммадаминге жергиликтүү демөөрчү тарабынан «Hyundai sonata» үлгүсүндөгү унаанын ачкычы тапшырылды.  Убайдулла ажы Сарыбаев атын атагысы келбеген жергиликтүү демөөрчү …

Дальше »

Бакай-Ата районунда “Бөлүнүүгө себеп жок” деген темада тренинг өтүлдү

Талас облусунун Бакай Ата районуна караштуу Өзгөрүш   айылында  “Тынчтык куруучулар ” долбоорунун алкагында  жаштар арасында ынтымак, достукту бекемдөө жана уруучулдукка бөлүнүүдөн келип чыккан көйгөйлөрдүн алдын алуу  боюнча 3 күндүк трениг  өттү.    Тренингге Талас облусунун казыятынын иш …

Дальше »

Апта ичинде 1613 Куран хатым окулуп, Азирети Муфтий мамлекетибиздин тынчтыгы, элибиздин амандыгы жана өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн дуба кылды

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин демилгеси менен башталган Куран хатымдын апта ичиндеги саны 1613кө жетип, Азирети Муфтий мамлекетибиздин тынчтыгы, элибиздин амандыгы, ар кандай оорулардын келбөөсү жана өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн дуба кылды. «Куран Алла Тааланын сөзү. Андыктан ар бирибиз …

Дальше »

Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев: Коомчулуктагы аялзатына, балдарга болгон зордук-зомбулукту токтотууда бардык аракетибизди көрөлү

Бүгүн, 19-октябрда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев КМДБнын жалпы эмгек жамаатына апталык жыйынын өткөрүп, берилген тапшырмалардын аткарылуусу боюнча отчет алды. Азирети Муфтий өзгөчө аялзаты үчүн уюштурулуп жаткан онлайн сабакка көңүл буруп, башталган иштин …

Дальше »

Сузак районундагы “Айша” мечитинде кыштын камылгасы көрүлүүдө

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кашка-Терек айылында жайгашкан “Айша” мечитинин имамы Маматкарим ажы Нурбаевдин демилгеси менен аталган айылдын  жаштары кышка карата мечитти жылуулоо, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатышат. Тактап айтканда жергиликтүүлөр 160 000 сом акча каражатын чогултуп, …

Дальше »

Баткен районунун аймагындагы мечиттерде дезинфекциялоо иштери жүрүүдө

Баткен облусунун Баткен районунун Дара айыл өкмөтүнө караштуу Табылгы жана Кайынды айылындагы мечиттерде  дезинфекциялоо иши жүргүзүлдү. Бул тууралуу Баткен районунун баш имам хатиби Муса ажы Жолдош билдирди. «Акыркы күндөрү таажы илдетти күч алып жатат. Ооруну дарылагандан …

Дальше »

Баткен облусунун казысы 94 жаштагы аксакалдын абалын сурап, анын үйүнө зыярат кылды

Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов улгайган жарандарга кам көрүү максатында Баткен облусундагы Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылынын жашоочусу 1923-жылы туулган Гаффор Тупчиевдин абалын сурап, үйүнө зыярат кылды. Зыярат иш-чарасына Кызыл-Бел айылынын имам …

Дальше »

Кара-Көл шаарында ысырапкерчиликти алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарынын баш имам хатиби Бектен ажы Керезбаев шаардык депутаттарынын жыйынына катышты. Жыйында ысырапкерчиликти  кыскартуу боюнча имамдын  иш аракети каралып, ыксыз чыгымдарга бөгөт коюу маселеси талкууланды. Баш имам хатиб депутаттарга той-ашты жана маркумду акыркы сапарга …

Дальше »

Ош шаарында белгилүү дин аалымы Алауддин Мансурду эскерүү иш-чарасы болду

Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу “Шейит-дөбө” мечитинде белгилүү дин аалымы Алауддин Мансурдун каза болгондугуна байланыштуу Куран хатмы окулуп, дуба кылынды. Иш-чарага Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Ош …

Дальше »

Ананьев айылында заманбап мечит пайдаланууга берилди

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Ананьев айылында бардык шарты менен жаңы мечит пайдаланууга берилди. Мечиттин ачылышына облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков, райондук баш имам хатиб Максат Сейталиев, айыл өкмөт башчысы Эмил Шамбетов жана жергиликтүү айылдын тургундары катышты. «Мечит Жараткан …

Дальше »

Москва шаарында Үмүтбек Алтынбек уулуна багышталып Куран окулду

Бүгүн, 18-октябрда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев Москва шаарындагы Лейлек биримдик коомунун өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуу алгач Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» борбордук аянтында каза болгон 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулуна багышталып Куран окуу менен башталып, андан соң улуттар арасындагы ынтымакты …

Дальше »

КМДБнын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев Москва шаарында эмгектенип жүргөн мекендештер менен жолугушту

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев Москва шаарында эмгектенип жүргөн мекендештер менен жолугушуп, ынтымакты бекемдөө, үй-бүлө баалуулуктары, зордук-зомбулукту токтотуу, балдардын тарбиясына көңүл буруу, терс диний агымдардан оолак болуу темаларында баяндама жасады. Жолугушуу …

Дальше »