Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт

Урматтуу момун мусулман бир туугандар, мекендештер! Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жайылуу коркунучу бүтө электигин эске алуу менен элибиздин салматтыгы жана коопсуздугу үчүн, илдеттин мындан ары күчөп кетүүсүнө жол бербөө максатында жума намазы убактылуу …

Дальше »

Бишкектин борбордук мечитинин килемдери толугу менен дезинфекцияланып, тазаланууда

Бүгүн, 27-июль күнү Бишкек шаарындагы Борбордук мечитке  намаз окууга келген жарандарга шарт түзүп берүү максатында мечиттин намаз окулуучу килемдери толугу менен тазаланып баштады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын казысынын милдетин аткаруучу Эрназар ажы Асатов билдирди. Анын айтымында, мындай …

Дальше »

Чоң-Жаргылчак айылында заманбап шарт менен жаңы мечит пайдаланууга берилди

Ысык-Көл облусунун Жети -Өгүз районуна караштуу Чоң-Жаргылчак айылында учурдун талабына ылайык шартта салынган жаңы мечиттин ачылышы болду. Мечит “Ассанабиль” кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгү менен салынып, анын ачылышына жергиликтүү тугундар жана дин кызматкерлери катышты. “Бүгүн айылыбызда чоң иш-чара болуп олтурат. Анткени заманбап …

Дальше »

Медреселер кесип үйрөткөн жабдууларды алышат

Кыргызстандын ар кайсы аймагындагы алты медресеге жакынкы күндөрү жаштарга кесип үйрөткөнгө шарт түзө турган жабдуулар алынып берилет. Булар мисалы ашпозчу, электрик, ширетүүчү адистиктерин үйрөткөн жана компьютерди кеңири колдонууга шарт түзө турган жабдуулар. Тактап айтканда медресенин …

Дальше »

Муфтияттын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен Москва шаарында түлөө өткөрүлдү

25-июлда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев баш болуп, Москва шаары жана Москва облусундагы жалпы кыргызстандыктардын катышуусунда түлөө өткөрүлдү. Түлөөгө Кыргызстандын Россиядагы өкүлү Аликбек Жекшенкулов, Миграция кызматынан Орусиядагы өкүлдөрү Бейшенов Майрамбек Доорбек …

Дальше »

Бишкек шаардык Борбордук мечитинин айланасы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Бүгүн, 24-июлдан тартып Бишкек шаардык Борбордук мечитинин айланасындагы эски асфальт алынып, ордуна жаңысы төшөлүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын казысынын милдетин аткаруучу Эрназар ажы Асатов билдирди. Анын айтымында, 2-3 күндүн ичинде мечиттин айланасына жаңы асфальт толугу …

Дальше »

Бишкек шаардык Борбордук мечити дарыгерлерди колдоо максатында жалпысынан 582 миң сомдук жардам көрсөттү

Бүгүн, 24-июлга карата Бишкек шаардык Борбордук мечиттин атынан жалпы өлкө аймагындагы дарыгерлерди колдоо максатында 582 000 сомдук акчалай,  дары-дармек жана медициналык коргоочу каражаттар таратылып берилди. Кайрымдуулук жардамы Бишкек шаарындагы ооруканаларда кызмат өтөгөн дарыгерлерге жана бир …

Дальше »

Бишкек шаарынын казыяты Урология борборундагы дарыгерлерге акчалай жардам көрсөттү

Бишкек шаардык Борбордук мечитинин атынан Республикалык Урология борборунда коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылаган медицина кызматкерлерине 20 000 сомдук акчалай жардам жана 100 даана N95 типтеги беткаптар тапшырылып берилди. Бул кайрымдуулук иш-чарасы Бишкек казыятынан  Муктарбек ажы Джусупбеков …

Дальше »

Бишкектин «Алтын Казык» жаңы конушунда түлөө өткөрүлдү

Бүгүн, 24-июлда Бишкек шаарындагы «Алтын Казык» жаңы конушундагы «Жаннат» мечитинде имамдын демилгеси менен кичи баш жандык союлуп, түлөө өткөрүлдү. Анда эли жерибиздин тынчтыгы, элибиздин саламаттыгы үчүн дуба кылынып, эти жардамга муктаж үй-бүлөлөргө таратылып берилди.  Бул тууралуу …

Дальше »

Бишкек шаарындагы Борбордук мечитинин кызматкери Акмат ажы Жумагул уулу мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Кечээ, 23-июль күнү Бишкек шаарындагы Борбордук мечиттин кызматкери Акмат ажы Жумагул уулу 46 жашында узакка созулган оорудан кийин мезгилсиз  дүйнөдөн кайтты. Мындай окуя жалпы жамаат үчүн оор жоготуу болгондугун Бишкек шаарынын казысынын милдетин аткаруучу Эрназар ажы Асатов баса …

Дальше »

Кара – Буура районуна баш имам хатиб дайындалды

Кечээ, 22 — июлда Талас облустук мусулмандар казыятында казыят мүчөлөрүнүн катышуусунда кезектеги жыйын болуп өттү. Жыйында Талас облусунун казысы Бапиев Таалай ажы учурдагы кырдаалда талкууга алып, анда Кара-Буура районунун баш имам хатиби Майрамбек аксакалдын дүйнөдөн …

Дальше »

Ооруну Жаратканга болгон чоң ишеним, сүйүү менен жеңели — Мамбетасан ажы Ибраев

Нарын облусунун мусулмандар казысы Мамбетасан ажы Ибраев учурундагы кырдаалга байланыштуу кайрылуусу. «Коронавирус апааты Кытайда жаңы башталганда биздин элге эмнегедир имиш сыяктанып, көпчүлүк ишенип-ишенбей турду эле. Бул аты жаман балээ жаныбыздагы Кытайдан биздин өлкөгө келбестен тээ …

Дальше »