Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Мекке шаарында өтүп жаткан бүткүл дүйнөлүк Ислам лигасынын 44чү жыйынына катышууда

Бүгүн, 7-январда Мекке шаарында бүткүл дүйнөлүк Ислам лигасынын 44чү жыйыны башталды. Сауд Аравия Падышачылыгынын Азирети Муфтийи Абдель Азиз ибн Абдал ибн Мохаммед аль-Шейх, бүткүл дүйнөлүк Ислам лигасынын башкы секретары Мухаммад  бин Абделькерим  Аль-Иса, тынчтык үчүн …

Дальше »

Таласта имамдын демилгеси менен мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө турак жай курулууда

Кара-Буура районунун Бейшеке айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Суу айылынын имам хатиби Кулмамбет Маткеримовдун демилгеси менен Кара-Суу айылындагы мүмкүнчүлүгү чектелген эки баланын атасы Станбеков Мирланга айыл жаштары үй курушууда. «Мусулман мусулмандын бир тууганы. Ага зыян тийгизбейт, аны …

Дальше »

Үсөн ажы Жороев: Элибиздин бакубат жашоосуна, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө тынчтык керек

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылынын имам хатиби Үсөн ажы Жороев Талас районунун Үч-Эмчек айылынын борбордук мечитинде жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, «Ысырапкерчиликке жол бербөө жана ынтымакты бекемдөө» темасында баяндама жасады. Бакай-Ата айылынын имам хатиби жергиликтүү жашоочуларды ынымактуу болууга жана берешендүүлүккө чакырып, ошол эле учурда ысырапкерчиликке жол …

Дальше »

Мындан ары Талас облусундагы дин кызматкерлери нике каттоо журналы боюнча квартал сайын отчёт берип турушат

Кечээ, 5-январь күнү Талас облустук мусулмандар казыятынын кварталдык жыйынды Талас районунун Бешташ айылындагы «Ахмад Абдулла Мехна Наеми»  мечитинде өтүп, ага облус казысы Таалайбек ажы Бапиев, облус казысынын орун басары Касым ажы Сыдыков жана казыяттын иш башкармалыгынын башчысы Медер ажы Сагынбаев катышты. Жыйында облус казысы имамдардын ишмердүүлүгү менен таанышып, …

Дальше »

Мекке шаарында умра ибадатын аткарып жүргөн кыргызстандык зыяратчылар бир катар ыйык жайлардын тарыхы менен жеринде таанышууда

Мекке  шаарында умра ибадатын аткарып жүргөн кыргызстандык зыяратчылар Савр, Нур, Арафат тоосуна жана Мина, Муздалифа өрөөндөрүнө зыярат кылышып, ыйык жайлардын тарыхы менен жеринде таанышып келишти. Бул туурасында ажы башчылык милдетти аткарып жүргөн Бакытбек ажы Түнгатаров …

Дальше »

Бош убактысында китеп жазуу менен алектенген Нурудин ажы Асомудиновдун өмүр баяны

Асомудинов Нурудин 1957-жылы 11-майда Тажикстан Республикасынын Айыт районуна караштуу Кара Шаар айылында, карапайым кыргыз үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген. Кыргызстандын туңгуч муфтийи молдо Абдусатар ажы менин бир айылда жашагандыктан, орто мектепте окуп жүргөн учурунда кошумча дин …

Дальше »

Кызыл-Октябрь айылынын имамынын демилгеси менен кайрымдуу инсандар муктаждарга 1 миллион сомдук жардам көрсөтүшкөн

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кызыл-Октябрь айылынын имамы Марат ажы Жусупбековдун демилгеси менен жергиликтүү айыл жаштарынын арасында кайрымдуулук тобу түзүлүп, учурда алардын саны 300 адамдан ашкан. Бул кайрымдуулук кылуучулардын тобу  аркылуу 1 миллион сомдук кайрымдуулук иштери жүргүзүлгөн. …

Дальше »

Мектепке бара эле кезинде эле Куран боюнча сабаты жоюлган Жейналиев Сайдамир Курбановичтин өмүр баяны

Жейналиев Сайдамир Курбанович 1964-жылдын 2-январында Тажикистандын Жерге-Тал районуна караштуу Кашка-Терек айылында төрөлгөн. Мектеп жашына чейин эле атасынын колунда Куран боюнча сабаты жоюлган. 1971-1981 жылдары №5 Н.В.Гоголь атындагы орто мектебин аяктаган. Мектепте окуп жүргөн мезгилинде эле …

Дальше »

Замир каары Ракиев: Умра ибадатын аткарып жүргөн кыргызстандык зыяратчыларга атайын сабактар уюштурулууда

Мекке шаарында умра ибадатын аткарып жүрүшкөн кыргызстандык зыяратчыларга атайын сабактар уюштурулууда. Бул туурасында жеринде Азирети Муфтийдин орун басары Замир каары Ракиев билдирди. «Зыяратчыларыбыздын бош убактыларын текке кетирбестен алар үчүн умра ибадаты боюнча атайын сабактарды уюштуруп атабыз. Ыйык жерге баргандан кийин ар бир күндү туура жана пайдалуу …

Дальше »

ФОТО-Сауд Араб Падышачылыгы кыргызстандын ажылыкты уюштуруу ишине «эң жакшы» деген баасын берип, 6110 квота бөлдү

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министринин орун басары доктор Абдель Фаттах бин Сулейман Машад менен жолугушуп, 2019-жылдагы ажылыкты талкуулашып, андагы жетишкендиктерге токтолушту. САПтын ажылык министринин орун басары Кыргызстандын 2019-жылы …

Дальше »

Талас шаарындагы жаштар «Жаштык» конушундагы муктаж беш үй-бүлөгө акысыз көмүр таратышты

Бүгүн, 31- декабрда Талас шаарынын Жаштык конушундагы беш үй-бүлөгө жаштардын демилгеси жана баш имам хатиб Алтынбек ажы Бешкемпировдун  катышуусунда муктаж үй-бүлөлөргө кайрымдуулук ирээтинде акысыз көмүр таратылды. Кайрымдуулук кылышкан жарандар канча тонна көмүр тараткандыгын сыр бойдон …

Дальше »

Манас районунун Покровка айылынын имамынын демилгеси менен психоневрологиялык интернатка эт азыгы тапшырылды

Бүгүн, 31- декабрда Талас облусунун Манас районуна караштуу Покровка айылынын борбордук мечитинин имамы Жаныбек Акбаевдин демилгеси менен демөөрчүлөр айылдагы психоневрологиялык интернатка эт азыгын тапшырышты. «Акыркы убакта хатибият жана жалпы имамдар тарабынан интернатка тез-тезден жардамдар көрсөтүлүп …

Дальше »