Чоң-Алайда жергиликтүү жарандардын демилгеси менен медресе курулуп, хатибиятка тапшырылды

Ош облусунун Чоң-Алай районунда 1983-жылы туулган жарандардын демилгеси менен жаштардын диний билимин арттыруу максатында медресе курулуп, Чоң-Алай райондук хатибиятына өткөрүп берилди. Райондун баш-имам хатиби Алимбек ажы Маматаминов демилгечилерге ыраазылык билдирип, төмөнкүлөргө токтолду: “Районубуздун жаштары келечектин …

Дальше »

Кара-Сууда “Салих перзент” аттуу Куран жарышы өтүп, жеңүүчүлөргө умра сапарына 3 жолдомо ыйгарылды

Ош облусунун Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыровдун демилгеси, “Караван Ихлас” фондунун демөөрчүлүгү менен “Салих перзент” аттуу Куран жарышы өткөрүлдү. Куран жарышы эки тайпада; 6 жаштан 12 жашка чейинки балдар жана кыздар арасында болуп …

Дальше »

Ош шаарына ажылардын алгачкы тобу келип конду

Бүгүн, 9-июль күнү таңкы саат 04:45 те Ош эл аралык аэропортуна 2023-жылкы ажылардын алгачкы тобу келип түштү. Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов баштаган казыят жамааты ажыларды жагымдуу маанайда тосуп алды. Белгилей кетсек, зыяратчылар 6-июлдан …

Дальше »

Араванда аз камсыз жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга сый тамак уюштурулду

Ош облусунун Араван районундагы мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон 120 жетим балага жылуу тамак уюштурулуп, белектер берилди. «Араван Хадия» фонду тарабынан кажыланган иш-чарага Араван районунун баш имам-хатиби Максат кары Сыдыков жана көп жылдардан бери …

Дальше »

Жалал-Абад шаарында адепти үйрөнүп, дуба жаттаган балдар сыйланды

Жалал-Абад шаарына караштуу Төш-Кутчу айылында жайгашкан “Курманбек” мечитинде уюштурулган жайкы бир айлык окуу лагери аяктады. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Жунус ажы Исмаилов билдирди. Анын айтымында, жайкы лагерде бардыгы болуп 100 бала окуп, алар …

Дальше »

Баткен казыяты «Аруужан» ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген бөбөктөргө кубаныч тартуулады

Баткен казыятынын аялдар бөлүмү “Аруужан” ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген бөбөктөргө кубаныч тартуулады. Бул тууралуу казыяттын аялдар менен иштөө адиси Уулкан Дүйшеева билдирди.  Анын айтымында, саамалык кондитер Айчүрөк Орозова, жеке ишкер Жазгүл Убайдулла кызы сыяктуу ар …

Дальше »

Нематулла ажы Жээнбеков Тогуз-Торонун акими менен жолугушуп, райондогу диний абалды талкуулады

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков Тогуз-Торо районуна иш сапары менен барды. Сапардын жүрүшүндө Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими Манас Мураталиев менен жолугушуп, райондогу диний кырдаал, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты биргелешип ишке ашыруу, ысырапкерчиликти …

Дальше »

Сары-Ойдо жаңы мечит курулуп, пайдаланууга берилди

Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Ой айылында жаңы мечиттин ачылышы болуп өттү. Мечиттин ачылышына Учкун айыл өкмөтүнүн айыл башчысы Эркин Өмүрзаков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Нарын районунун баш имам-хатиби Рустам Чыров жана айыл тургундары …

Дальше »

Баткен шаарында социалдык дүкөн ачылды

Баткен шаарында шаар мэри Имамназар Бурханов жана Баткен районунун баш имам-хатиби Абдурашид ажы Юнусовдун катышуусунда муктаждарга жардам бере турган социалдык дүкөн ачылды. Дүкөндү ачуу дүйнөнүн булуң-бурчуңунда жашап, эмгектенип жүргөн мекендештер тарабынан демилгеленген. Анда күндөлүк турмуш-тиричиликке …

Дальше »

“Апиза эне” ислам институтунда уюштурулган 10 күндүк окуу курсу аяктап, 72 студент билим алды

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу “Апиза эне” ислам институтунун сырттан окуу бөлүмүндө Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан бекитилген программанын негизинде 10 күндүк окуу курсу уюштурулуп, 72 студент билим алды. Окуу курстун алкагында акыйда, фикх, араб тили, …

Дальше »

“Тойбосс” Ошто аз камсыз жарандарга Курман айттык 100 баштык таратты

Кечээ, 28-июнь күнү Ош облусу жана Ош шаарында “Тойбосс” адал азык компаниясы Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы менен биргеликте Курман айт иш-чарасын өткөрдү. Компания Курман айтка карата облустагы жана шаардагы муктаж жарандарга 100 даана айттык баштык …

Дальше »

Абдил-Азиз ажы Чыныбеков Чүй облустук “Жаш майыптар коомунан” кабар алды

Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков Сокулук районундагы Чүй облустук “Жаш майыптар коомунан” кабар алып, Курман айт майрамы менен куттуктап акчалай жардам көрсөттү. «Аллах Таала адам баласына түрдүү сыноолорду берип жаратат, мына ошол сыноолорго жакшы жооп берген адам …

Дальше »