Базар-Коргон имамдарына жыйын уюштурулуп, орозону натыйжалуу өткөрүү тапшырмасы берилди

Бүгүн, 23-март күнү, Базар-Коргон райондук хатибиятында Рамазан айынын алгачкы күнүндө имамдарга чогулуш болуп өттү. Жыйында райондун баш имам-хатиби Абдулазиз кары Закиров имамдарды кирип келген Рамазан айы менен куттуктап, аларга бардык жакшылыктарды каалап өттү. Муну менен катар …

Дальше »

Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинде ысырапкорчулукту жоюу туурасында отурум болуп өттү

Тоң районунун Кажы-Сай айылында ысырапкорчулукту жоюу боюнча райондук хатибияттын демилгеси менен отурум болуп, ага айыл өкмөтү, аксакалдар кеңеши жана он башылар катышты.   “Учурда коомчулукта көйгөй жаратып жаткан аш-тойлордогу жана маркумду акыркы сапарга узатуудагы ысырапкорчулукту жоюу боюнча …

Дальше »

Тоң районунда мектеп окуучуларын адептүүлүккө багыттаган иш-чара болуп өттү

Тоң районунун баш имам-хатиби Таалай ажы Акунов Тоң РИИБи, райондук прокуратура, райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте «Алтымышбаев», «Бөкөнбаев», «Шамий уулу Токтобай» жана №80 кесиптик лицейинин окуучулары менен жолукту. Райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өткөн иш-чарага ата-энелер да …

Дальше »

Ош шаарындагы жума окулган мечиттерге суу муздатуучу диспенсерлер берилди

Ош шаардык мусулмандарынын казыяты БДЖАнын (Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы) колдоосу менен шаардагы жума окулган мечиттерге сууну салкындатып берүүчү диспенсерлерди тапшырды. Ош шаардык мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов БДЖАнын президенти доктор Мухаммад Мади мырзага ыраазычылык билдирүү …

Дальше »

Кара-Кулжа районунда жаш өспүрүмдөр арасында Куран жарышы өткөрүлдү

Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айылындагы «Зайнабидин уулу Нургазы» атындагы мечитте жаш өспүрүмдөр арасында Куран жарышы өткөрүлдү. Жарышты аталган мечиттин имамы Субан Казматов демилгелеп, 100 миң сомдон ашуун акчалай каражат жыйнап, балдарга белектерди алган. …

Дальше »

Ат-Башыда Куран жарышы өтүп, ар бир катышуучуга Куран белек кылынды

Ат-Башы районунун Терек-Суу айылында райондук деңгээлде Куран жарышы болуп өттү. Куран конкурсунда айыл имамдарынан Куран сабагын алып жүргөн балдар таймашты. Жарышка Нарын медресесинин мүдүрү Абдулахад Пирматов, Нарын шаарындагы «Аюб» мечитинин имамы Санжар Азимов жана Нарын …

Дальше »

Араван районундагы дин кызматкерлерине Рамазанга карата тапшырмалар берилди

Араван районунун баш имам-хатиби Максат кары Сыдыков райондогу жалпы имамдарга жыйын өттү. Жыйында баш имам орозо айына даярдык, Азирети Муфтийдин №68 буйругун имамдарга түшүндүрдү жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоого байланышкан кутбаларды КМДБ тарабынан берилген …

Дальше »

Кара-Көлдө облустук деңгээлде «Куран жазы» аттуу Куран жарышы өткөрүлүп, баш байгеге умрага жолдомо коюлду

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын борбордук мечитинде облус боюнча «Куран жазы» аттуу Куран жарышы өттү. Жарышта ыйык Куран китебинен 1 пара, 5 пара жана 10 пара жат билгендер күч сынашты. Куран жарышы төмөнкүдөй критерийлер менен өткөрүлдү: …

Дальше »

Баткенде «Кош келдиң, берекелүү Рамазан айы» аттуу иш-чара болуп өттү

Кирип келген Ыйык Рамазан айынын урматына Баткен казыятынын аялдар бөлүмү тарабынан орозо айын салтанаттуу жана жагымдуу тосуп алуу, ошондой эле орозонун өкүмдөрүн, пазилеттерин жайылтуу максатында жалпы айымдар үчүн «Кош келдиң, берекелүү Рамазан айы!» аттуу иш-чара …

Дальше »

Чүй облусунун казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков аймактагы баш имам-хатибдер менен алгачкы жыйынын өткөрүп, казыяттын ишмердүүлүгү боюнча сүйлөштү

 Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков аймактагы баш имам-хатибдер менен алгачкы жыйынын  өткөрүп,  ыйык рамазан айына карата даярдыктар, мечиттердин тазалыгын камсыз кылуу, таравих намазын жогорку деңгээлде өткөрүү, диний объекттердин каттоосун тездетүүнү тапшырды. Баш имам-хатибдер …

Дальше »

Ош облусунда «Адам ден соолугу аманат» аттуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Акыркы убакта автоунаа жол кырсыгынан жабыр тартып, адам өмүрүнүн кыйылышы менен коштолгон учурлар токтобой келет. Бул боюнча массалык маалымат каражаттарында байма-бай чагылдырылып келүүдө. Жол кырсыктарынын статистикасына токтолсок, акыркы 3 жылдын ичинде Ош облусунун аймагында 1641 …

Дальше »

Ош облусунун аймагында 2000 ден ашуун көчөт тигилди

Ош облусунун аймагындагы жалпы дин кызматкерлери ишембилик өткөрүштү. Ишембилик жалпы мечиттерде, медреселерде жана диний объектилерде өткөрүлүп, облус казысынын буйругунун негизинде 2000 ден ашуун көчөт отургузулду. «Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев “бир мечитте бир көчөт” …

Дальше »