Чүй облусундагы хатибияттарга заманбап компьютерлер жана принтерлер тапшырылды

Бүгүн, 29-январь күнү Чүй облусунун мусулмандарынын казыятында райондун баш имам-хатибдерине багытталган кезектеги ай сайын өтүүчү жыйын болуп өттү. Жыйын Чүй облусунун мусулмандар казысы Абдул-Азиз ажы Чыныбековдун жетекчилиги алдында өтүп, бир катар маанилүү маселелер талкууланды. Казы …

Дальше »

Арпидин ажы Жороев Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары болуп дайындалды

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбековдун буйругуна ылайык, Арпидин ажы Жороев Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары болуп дайындалды. Буга чейин казынын орун басары болуп эмгектенип келген Бакыт ажы Усманов үй-бүлөлүк шартына байланыштуу өз …

Дальше »

Бишкек: Свердлов районунун имамдары бирдиктүү формага өтүшөт

Бишкек шаарындагы Свердлов районун баш имам-хатиби Улан кары Курманбаевдин демилгеси менен райондун имамдары үчүн бирдиктүү форма тигилмей болду. Улан кары Курманбаев имамдарга кезексиз жыйын өтүп, анда: «Ислам динибиз ар бир улуттун салтын, өзгөчөлүктөрүн сактаган дин …

Дальше »

Кызыл-Октябрь айылынын тургундары имамга темир тулпар белек кылышты

Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кызыл-Октябрь айылынын жашоочулары көп жылдан бери айыл элине кызмат кылып келип жаткан айыл имамы Дөөлөткалый Чотубаевге «Daewoo Nexia» маркасындагы темир тулпар белек кылышты. Бул иш-чара элдин диниятчыга болгон сый-урматынын, ынтымагынын …

Дальше »

Кара-Суудагы «Жабир» медресесинин алгачкы бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшырылды

Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков Кара-Суу районундагы «Жабир» медресесинин алгачкы бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземине катышты. «Жабир» медресесин алгачкы 5 бүтүрүүчүсү диний билим алуу менен биргеликте медициналык окутуу курсун да кошо аяктап, …

Дальше »

Ысык-Көл облусунда имамдардын билимин жогорулатуу боюнча окуу курсу башталды

Бүгүн, 27-январда Ысык-Көл облусунун Каракол шаары жана Жети-Өгүз районунун имамдары үчүн квалификациялык билимди жогорулатууга багытталган төрт күндүк окуу курсу старт алды. Бул иш-чара Ысык-Көл облустук казыяты тарабынан уюштурулуп, Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын борбордук мечитинде өтүүдө. …

Дальше »

Ноокатта имамга 1 млн. сомдук автоунаа белек кылышты

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров Кеңеш айыл аймагындагы Арбын айылында жайгашкан «Арбын» мечитинин имамы Курбанбай Султановго жергиликтүү жамаат жана айыл жаштары тарабынан 1 млн. сомдук автоунаа белек кылышкандыгын билдирди. Ошондой …

Дальше »

Нарын: Айыл имамына «Subaru» үлгүсүндөгү автоунаа жана умрага жолдомо ыйгарылды

Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Конорчок айылынын имамы Жаныбек Мамытбеков 16 жылдан бери үзүрлүү эмгек кылып, жергиликтүү элге кызмат көрсөтүп келет. Анын эл үчүн кылган талыкпаган иш-аракетин баалаган айыл тургундары имамга «Subaru» …

Дальше »

Ош шаардык мусулмандарынын казыяты калаадагы мечиттердин шарттарын жакшыртуу иштерин улантууда

Ош шаардык мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов баштаган казыяттын эмгек жамааты жаңыдан курулуп жана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жаткан мечиттердин курулуш иштери менен жеринде таанышып, мечиттердин абалы заманбап талаптарга ылайык болуусун камсыз кылуу зарыл экенин баса белгиледи. …

Дальше »

Үсөн Маматтурсун уулу Өзгөн районунун баш имам-хатиби болуп дайындалды

Ош облусунун Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Үсөн Маматтурсун уулу Өзгөн районунун баш имам-хатиби болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев кол койду. Буйрукту Ош …

Дальше »

Москва районунда имамдардын окутуу курсу ийгиликтүү аяктады

Чүй облусунун 4 районунан 100дөн ашуун имамдарга арналган окуу курсу ийгиликтүү жыйынтыкталды. Семинар 4 күнгө созулуп, Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Эмильбек ажы Андартегин жана Мирзат ажы Барпыбеков сабак өтүштү. Сабактарда имамдардын диний билимин тереңдетүүдө акыйда илимине …

Дальше »

Ала-Бука хатибияты “Исламда аялдын орду” аттуу иш-чара өткөрдү

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Ак-Коргон айыл өкмөтүндө “Исламдагы аялдын орду” аталышындагы иш-чара болуп өттү. Иш-чара аталган айыл өкмөттүн маданият үйүндө болуп, ага райондун баш имам-хатиби Шумкарбек ажы Чыналиев, Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн соц. адиси Мохигул …

Дальше »