Кара-Суу районунун баш имам хатибинин демилгесин эл колдоого алып, ишембиликке чыгышты

Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыровдун демилгеси менен жергиликтүү жашоочулар ишембиликке чыгышып, Кара-Суу шаарындагы сейил бактын айланасын таштандылардан арылтып, арыктарды тазалашып, гүл отургузууга  жай даярдашты. Муну менен катар Кара-Суу районундагы мечит имамдары бул …

Дальше »

Ош шаарынын казысы Рамазан айында калаадагы айдоочуларга сапар, ооз ачуу жана ооз бекитүү дубалары камтылган баракчаларды белек кылды

Бүгүн, 14-апрелде Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев шаар тургундарын Рамазан айы менен куттуктап, атайын медресе студенттери менен биргеликте айдоочуларга сапар дубасы, ооз ачуу жана ооз бекитүү дубалары камтылган баракчалар менен ооз ачуу үчүн …

Дальше »

Ош шаарынын казысынын демилгеси менен медресе мугалимине автоунаа белек кылынды

Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаевдин демилгеси менен «Умму Мухаммад» медресесинин мугалими Мухаммад Фарукка «Daemwoo Matiz» үлгүсүндөгү автоунаа белек кылынды. Мухаммад Фарук 30 пара Куранды толук жаттаган хафиз.  7 кыраат боюнча ижазага ээ болгон. …

Дальше »

Кадамжайдын Кара-Жыгач айылынын имамы жаштар менен биргеликте айылдагы көрүстөнгө көчөт отургузду

Баткен облусунун  Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылынын имамы Айбек Кузибеков айылдын 2000 жылы туулган жаштары менен биргеликте айылдагы көрүстөнгө көчөт отургузду. Көчөттөр  жергиликтүү  тургандардын демөөрчүлүгү менен алынып, көчөттөрдү кароо, сугаруу жоопкерчилигин жаштар  алышты. «Жаштардын бул демилгеси колдоого татыктуу. …

Дальше »

Таластагы дин кызматкерлери ишембиликке чыгышып, алма, өрүк жана ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузушууда

Талас облусунун район, шаарларындагы мечиттерде ишембиликтер  өтүп, айлана – чөйрө тазаланды. Муну менен катар  килемдер жуулуп, алма, өрүк жана ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулду. Ишембилик иш-чарасына мечит имамдары  жана жергиликтүү тургундар катышышты. “Манас, Кара – Буура, …

Дальше »

Мирланбек ажы Токтомушов: Тынчтык болбосо илим алуу, өнүгүү болбойт

 Ош шаарынын мусулмандар казысынын орун басары Мирланбек ажы Токтомушов №2024 аскер бөлүгүнө кызмат өтөө үчүн келген жоокерлерге “жоопкерчилик”, “мекенди коргоо”, “ата-энеге кызмат кылуу” темаларында  баянда жасады. Иш-чара Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан уюштурулуп, аскердик кызматтын …

Дальше »

Чоң-Алай районуна пайгамбарыбыздын (САВ) урматына карата китеп окуу боюнча сынак өттү

Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айыл аймагындагы «Алайчы уулу Саит» атындагы орто мектебинде райондук деңгээлде кыз-келиндер арасында «Мухаммед пайгамбарыбыздын (с.а.в) өмүр таржымалы» боюнча сынак өттү. Сынакка жалпысынан 300гө чукул окурман катышып, конкурстун жыйынтыгы 10-апрелде …

Дальше »

Бишкек шаарындагы мечиттерде эпидемиологиялык абалга байланыштуу аралыктарды сактоо менен намаздар окула баштады

Бишкек шаарынын мусулмандар казысы Замир кары Ракиевдин буйругу менен ордо калаадагы бардык мечиттерде санитардык талаптарды сактоо менен намаздар окула баштады. Мындай чечим шаардагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу кабыл алынып, ар бир жаран түшүнүү менен мамиле жасоосу …

Дальше »

Чоң-Алайдагы кыз-келиндер үчүн «Айша даанышман эне» аттуу китеп окуу конкурсу уюштурулду

Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Карамык айылынын имамы Бекболот Маданов жана орун басары Максат Идиросовдун демөөрчүлүгү алдында аялдар үчүн «Айша даанышман эне» аттуу китеп окуу конкурсу уюштурулду. Иш-чарага Чоң-Алай районунун баш имам хатибинин орун басары …

Дальше »

Азирети Муфтийдин милдеттин аткаруучу Баткендеги иш сапарынын алкагында айымдар үчүн лекция окуп, окуу борборлору боюнча маалымат берди

Бүгүн, 6-апрелде Баткен облустук мусулмандар казыяты тарабынан аялдар үчүн «Напсини канткенде жеңебиз» темасында лекциялык сабак уюштурулду. Иш-чарага Азирети Муфтийдин милдеттин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев катышып, напсини тарбиялоо, үй-бүлө институтун бекемдөө, бала тарбиясы жана билим алуу темаларында тарыхый …

Дальше »

Манас районунун баш имам хатибинин демилгеси менен мечит имамдары жана жергиликтүү тургандар ишембиликке чыгышып, көчөттөрдү отургузушту

Талас облусунун  Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаевдин  демилгеси менен мечит имамдары жана  жергиликтүү тургандар ишембилик өткөрүштү. Муну менен катар бул күнү мечиттин килемдери жана айлана-чөйрө тазаланып, тосмолор сырдалып, көчөттөр  отургузулду. “Жазы мезгили келип, ишембиликтерди жана көчөттөрдү отургузуу иш-чараларын баштадык. …

Дальше »

Жоробай ажы Шергазыев Баткен шаарындагы “Муаз ибн Жабал” медресесинин студенттери менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев   Баткен шаарындагы “Муаз ибн Жабал” медресесинин ишмердүүлүгү менен таанышып, студенттерге «Илим алуу жана напсини тарбиялоо» темасында баяндама жасады. “Динибиз илим алууга чакырат. Пайгамбарыбыз (САВ) мындай деген: “Көп жеп, көп ичүү менен жүрөктөрүңөрдү өлтүрбөгүлө. Анткени, көп …

Дальше »