Бишкек шаардык Борбордук мечити оңдоп-түзөөдөн кийин кайрадан колдонууга берилет

Бүгүн, 24-декабрь күнү Бишкек шаардык Борбордук мечитин оңдоп-түзөөдөн кийин мечит кызматкерлери тарабынан жалпы тазалоо иштери жүргүзүлдү. Үч айдын ичинде мечиттин ички тарабы толугу менен кайрадан жаңыланып, улуттук колорит менен жасалды. Бардык чыгымдар соопчулук үчүн жеке адамдар тарабынан каржыланды. …

Дальше »

Көк-Жаңгак шаарындагы «Кавсар» мечитинин имамына «Daewoo Matiz» үлгүсүндөгү авто унаа белеке берилди

Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарынын Көлмө участкасында  жайгашкан “Кавсар” мечитинин имамы Максат Ахмедовго аталган шаардын Орусияда, Казакстанда жана Бишкекте  эмгектенген жаштары чогулуп, өз ыктыярлары менен «Daewoo Matiz» үлгүсүндөгү авто унааны белекке беришти. Бул тууралуу Көк-Жаңгак шаарынын имам хатиби Мирлан Алимбаев билдирди. Анын айтымында, …

Дальше »

Баткен районунун имамдары үчүн окуу курсунун экинчи айлампасы болуп өттү

Кечээ, 22-декабрда Баткен районунун имамдарынын билимин жогорулатуу курсунун экинчи айлампасы  болуп өттү. Баткен облустук мусулмандар казыяты жана  Баткен райондук хатибияты менен биргеликте уюштурган окуу курсуна  буга чейин окууга катышпаган имамдар катышып, имамдарга зарыл болгон акыйда, …

Дальше »

Ноокен районундагы “Арал” мечитинин алдына курулган чатыры пайдаланууга берилди

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Арал айыл аймагынын «Арал» жума  мечитинин алдыңкы тарабына узундугу  30 метр, туурасы 13 метр болгон чатырдын курулуш иштери бүткөрүлүп пайдаланууга берилди. Бул туурасында райондун баш имам хатиби Ашим ажы Абидинов …

Дальше »

Ак-Талаа районунда 18 мектепте окуучулар менен жолугушуу өткөрүлдү

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун алдын алуу жана балдарды туура тарбиялоо алкагында баарлашуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Ак-Талаа районунун баш имам хатиби Акылбек Эсеналиев билдирди. Анын билдиргенине караганда, иш-чара декабрь айынын 14нөн 18не чейинки аралыкта …

Дальше »

Ала-Бука райондук хатибияты борбордук базардагы эт сатуучулар менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун баш имам  хатиби Шумкарбек ажы Чыналиев райондук ветеринардык дарыгер Жумабай Турсунбаев жана участкалык милиция кызматкери Токтосун Жорокулов менен биргеликте райондун борбордук базарындагы эт сатуучу дүкөндөргө рейд жүргүзүштү. Мындай рейд эт азыктарын …

Дальше »

Нарын районунун имамдарына көмүр таратылды

Нарын районунун айылдарындагы мечиттердин имамдарына 1 тоннадан көмүр таратылып берилди. Бул тууралуу Нарын районунун баш имам хатиби Кумарбек Орозалиев билдирди. Анын билдиргенине караганда, жеке ишкер, демөөрчүлөр тарабынан  Нарын районунун айылдарындагы кээ бир  имамдардын ар бирине …

Дальше »

Нарын районунун баш имам хатиби адептүүлүк темасында баяндамасын жасады

Нарын районунун баш имам хатиби Кумарбек Орозалиев Нарын районунун Миң-Булак айылынын Актан Тыныбек атындагы мектебинде окуучуларга лекция өттү. Анда,  Нарын районунун баш имам хатиби  Кумарбек Орозалиев балдар менен жолугушуу учурунда ден соолуктун кадыры, адептүүлүк жана …

Дальше »

Кочкордо имамдарга жыйын болуп, айрымдарына грамоталар тапшырылды

Нарын облустук мусулмандар казыятынын Кочкор районунун хатибиятында имамдарга жыйын болуп, айрымдарына грамоталар тапшырылды. Бул тууралуу Кочкор районунун баш имам хатиби Жеңишбек Арзымкожоев билдирди. Анын билдиргенине караганда, кечээ 21- декабрь күнү райондогу бардык мечиттердин имамдарына чогулуш …

Дальше »

Баткен шаарында жардамга муктаж 30 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Баткен шаарындагы «Абу Бакр Сыдык» мечитинин жамааты жана чет өлкөдө эмгектенген мекендештердин демилгеси менен Баткен шаарындагы жардамга 30 муктаж үй-бүлөнүн ар бирине 6 кап көмүр, 10 кг ун, 4литр май, 3 кг макарондон турган азык-түлүк …

Дальше »

Араванда айдоочуларга «Адам жаны аманат» иш-чарасы болуп өттү

Ош облусунун Араван районундагы унаа бекеттеринде райондун башкы имам хатиб Алибек ажы Жусупов жергиликтүү ЖКК бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте автобекеттеги айдоочуларга «Адам жаны аманат» апталык иш-чарасынын алкагында түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Анда айдоочуларды жол эрежесин сактоого …

Дальше »

Ат-Башынын Ак-Моюн айылынын жаштары мечиттин дааратканасын салып беришти

Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Моюн айылындагы жаштар өз демилгелери менен айылдагы мечиттин дааратканасын салып беришти. Бул тууралуу Ат-Башы райондук хатибиятынан билдиришти. Маалым болгондой, бүгүн 18-декабь күнү Ак-Моюн айылындагы мечиттин дааратканасынын ачылышы болуп өттү. Аталган …

Дальше »