Нарын казыятынын жардам баштыктары райондордо таркатылып берилди

Нарын облустук мусулмандар казыятынын демилгеси менен кайрымдуу берешен адамдардын колдоосунун алкагында Нарын облусунун аймагында 600 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам баштыктары берилди. Анын алкагында Нарын облусундагы 5 райондун ар бири 25ден жардам баштыктары, тагыраагы Ат-Башы, …

Дальше »

Лейлек районунун имамдары аймактагы блокпостто турган кызматкерлерге ихсан кылды

Кечээ, 17- апрелде Баткен облусунун Лейлек районунун Лейлек айыл өкмөтүнүн имамдары райондун баш имам хатиби Дүйшөев Абдиравшан ажынын демилгеси менен Лейлек районуна кирүүчү көтөрмө постунда турган медицина кызматкерлерине жана ички иштер кызматкерлерине бир сойуш ихсан …

Дальше »

«Бир билек – бир тилек»: Жайыл районундагы муктаж 90 үй-бүлөгө азык түлүк тапшырылды

Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын «Бир билек – бир тилек» аттуу кайрымдуулук долбоору старт алды. Кыргызстндын аймагында жарыяланган өзгөчө кырдаалга байланыштуу муктаж жарандарга азык-түлүк таратылууда. Бул жолкусунда долбоордун кызматкерлери Жайыл районундагы муктаж 90 үй-бүлөгө азык түлүк …

Дальше »

Нарын казыяты тарабынан берилген жардам баштыктарына медицина кызматкерлери ыраазычылык билдирди

Нарын облустук мусулмандар казыятынын демилгеси менен кайрымдуу берешен адамдардын колдоосунун алкагында Нарын облусунун аймагында 600 үй-бүлөгө жардам баштыктары берилди. Жардам баштыктарын Нарын облустук бириктирилген ооруканасында эмгектенген 16 кызматкерине дагы берилген. Аталган оорукананын кызматкерлери берилген жардам …

Дальше »

«Имам аль-Бухарий-Алай» мечитинин имамы Мырза кары Осмоновдун демилгеси менен 36 үй-бүлөгө жардам баштыгы таратылды

Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялангандан бери көптөгөн демөөрчү жигиттердин жардамы менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берилүүдө. Бул иш-чаранын Ош шаарынын борбордук «Имам аль-Бухарий-Алай» мечитинин имам хатиби Мырза кары Осмонов баш болуп уюштурууда. Алар жалпысынан бүгүнкү …

Дальше »

Киргшелк айылынын тургундары айылдагы мүрзөнүн тегерегин темир тор менен тосуп чыгышты

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Киргшелк айылынын тургундары, айылдагы мүрзөнүн тегерегин толугу менен темир тор менен тосуп чыгышты. Бул иш-чара айыл имамы Айтбай Пайшековтун демилгеси менен уюштурулуп, айыл тургундары өздөрү каражат топошкон. Иш-чара алкагында 100 …

Дальше »

Кара-Балта шаарындагы «Розу Карим» мечитинин тегерегиндеги жашоочуларга 31 миң сомдук жардам көрсөтүлдү

Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы «Розу Карим» мечитинин имамы Айдар Молдалиевтин демилгеси менен, аты аталган мечиттин тегерегинде жашаган муктаж үй-бүлөлөргө 31 миң сомдук жардам көрсөтүлдү. Иш-чара алкагында чогулган каражаттан 13 үй-бүлөгө 2 миң …

Дальше »

Баткенде жардамга муктаж үй-бүлөлөргө имамдардын демилгеси менен тамак-аш азыктары таратылууда

Баткен районунун Зар-Таш айылында 5 үй-бүлөгө кайрымдуулук жардамы көрсөтүлдү. Кайрымдуулук жардамы Зар-Таш айыл башчысы жана айыл имамы тарабынан уюштурулду. Анда элге керектүү күнүмдүк тамак-аш азыктары берилди. Ушул эле сыяктуу кайрымдуулук жардамы Сүлүктү шаарында дагы уюштурулуп, …

Дальше »

Жалал-Абад областтык мусулмандар казыяты жана “Исар” кайрымдуулук фонду менен биргеликте 74 үй-бүлөөнү ун менен камсыз кылышты

Жалал-Абад облусунда Жалал-Абад областтык мусулмандар казыяты жана “Исар” кайрымдуулук фонду тарабынан аз камсыз болгон 74 үй-бүлөөнүн ар бирине бир мүшөктөн ун таратылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысынын орун басары Тунгатаров Бакытбек ажы билдирди. Анын …

Дальше »

Кара-Сууда имамдардын демилгеси менен 900гө чукул аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 1700000 сомдон ашуун азык-түлүк жардамы көрсөтүлдү (фото)

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак, Төлөйкөн, Шарк, Савай,  Сарай жана Нариман айылдык аймактарында имамдардын демилгелери менен бир жуманын  ичинде аз камсыз болгон 900 гө чукул үй-бүлөлөргө 1700000 сомдон ашуун кайрымдуулук жардамы көрсөтүлдү. Анда Кызыл-Кыштак …

Дальше »

Нарын шаарындагы көзү азиз карыя жардам баштыгын алуудан баш тартып, жардамга муктаждарга берүүнү өтүндү

Нарын шаарынын тургуну Кубанычбек Сооронбаев Нарын казыятынын жардам баштыгын алуудан баштып башка муктаж адамдарга берилүүсү керек экендигин айтып, казыят кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди. Нарын облустук мусулмандар казыятынын демилгеси менен кайрымдуу, берешен адамдардын колдоосунун алкагында Нарын облусунун …

Дальше »

Токмок шаарындагы жардамга муктаж 140 үй-бүлөгө 117 500 сомдук азык-түлүк берилди

Чүй облусуна караштуу Токмок шаарында учурдагы кырдаалга байланыштуу кайрымдуулук иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Токмок шаарынын баш имам хатиби Имиржан ажы Касымов билдирди. Анын айтымында, мындай уюштурулган иш-чара «Биримдик Токмок» коомдук бирикмеси жана Токмок хатибиятынын …

Дальше »