Таласта окуучуларга зордук-зомбулукка каршы түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Талас областынын мусулмандар казысынын орун басары Касым ажы Сыдыков  жана Сагынбаев Медер ажы Талас шаарындагы №90-кесиптик лицейдин окуучулары менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө окуучуларга зордук-зомбулукка каршы туруу, эрте никеге туруунун алдын алуу жана орчундуу маселелердин бири …

Дальше »

Чаткал районунда координациялык кеңешме болуп өттү

Кечээ, 12-декабрда Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун администрациясынын жыйындар залында  координациялык кеңешме болуп  өттү. Кеңешмени  Чаткал районунун акиминин биринчи орун басары Жуман Накетаев алып барды. Координациялык кеңешке Чаткал районунун баш имам хатиби  Кубанычбек ажы Токонов, …

Дальше »

Аламүдүн районунда колу жука үй-бүлөлөргө 45 тонна көмүр таратылды

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылындагы жардамга муктаж үй-бүлөлөргө акысыз көмүр таратылды. Бул кайрымдуулук иш-чара Кара-Жыгач айылындагы «Ала-Тоо» мечитинин имамы Таиржан Ибрагимовдун демилгеси менен уюштурулуп, кайрымдуу жарандарыбыздын демөөрчүлүгү менен ишке ашты. Аламүдүн районунун баш …

Дальше »

Ош облустук казыятында «Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу» долбоорунун бир жыл ичинде аткарган иш-чараларынын жыйынтыктары каралууда

Бүгүн, 13-декабрда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу бөлүмү менен «АВЕП» коомдук фонду Ош облустук казыятынын жыйындар залында «Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу» долбоорунун бир жылдык мөөнөт ичинде аткарган иш-чараларынын жыйынтыктарын, кандай ийгиликтерге жетишкендигин камтыган конференция …

Дальше »

Сузак районунда Солихин мечитинде имамдарынын жыйыны өттү

Бүгүн, 12-декабрда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Ырыс айыл округунда жайгашкан Солихин жума мечитинде имамдардын жыйыны болуп өттү. Жыйынга Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысынын орун басары Бакытбек ажы Тунгатаров, Сузак районунун баш имам хатиби Жунус ажы …

Дальше »

Ош облусунун жыйындар залында райондун баш имам хатибтери 11 айлык отчётун тапшырышты

Кечээ, 11-декабрда Ош облусунун мусулмандар казыятынын жыйындар залында облуска караштуу бардык райондун баш имам хатибтери 11 айда жасаган иштери тууралуу отчётун тапшырышты. Отчёттук жыйынга  Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, орун басары Нурбек кары …

Дальше »

Талас облусунун казысы окуучулар менен жолугушуп, аларга билим алуунун зарылдыгы туурасында баяндамасын жасады

Кечээ, 11-декабрда Талас облусунун мусулмандар казысы Таалайбек ажы Бапиев Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылындагы Акынбек Үсөнбаев атындагы орто мектебинин окуучулары менен жолугушту. Жолугушууда Таалайбек ажы алгач окуучуларга экстремизм жана терроризм боюнча кенен маалымат берип, андан …

Дальше »

Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев  жергиликтүү ЖМКлардын жетекчилери менен жолугушту

Ош облусунун мусулмандара казысы Самидин кары Атабаев Ош шаарындагы «Ош Пирим», «Ош ТВ», «ЭлТР», «Ынтымак ТВ», «Илим жана билим» телеканалдарынын жана «Тез кабар», «Т Медиа»маалымат агенттигинин өкүлдөрү менен жолугушуп, өз ара кызматташуу боюнча пикир алышты. …

Дальше »

Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев «Дин жана коом» аттуу конференцияда өз баяндамасын жасады

Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев Ош  шаарында жайгашкан «Ош Нуру» мейманканасынын жыйындар залында «АВЕП» коомдук фонду тарабынан уюштурулган «Дин жана Коом» деген аталыштагы конференцияга катышты. Конференцияда облус казысы «Мусулмандардын коомчулук алдындагы милдеттери жана укуктары» аттуу темада баяндамасын жасады. Иш-чарага КР Дин иштери боюнча комиссиясынын …

Дальше »

“Сулайман-Тоо” мечитинде жардамга муктаж 450 үй-бүлөгө жардам баштыгы таратылды

Кечээ, 11-декабрда Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев баш болгон казыят кызматкерлери “Сулайман-Тоо” мечитинде жардамга муктаж 450 үй-бүлөгө жардам баштыгын таратты. Жардам баштыкчасында: ун(10 кг), май,  макарон, нан, чай, туз жана кум шекер салынган. …

Дальше »

Аксынын Кара-Дөбө айылында 250 орундуу мечиттин ачылыш аземи болду

Кечээ, 11-декабрда Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кашка-Суу айыл аймагындагы Кара-Дөбө айылында 250 орундуу “Кара-Дөбө” атындагы мечиттин ачылыш аземи болуп өттү. Ачылыш аземине райондун баш имам хатиби Мырзабек ажы Абдыкалыков, Кара-Дөбө айылынын айыл башчысы Сабыр …

Дальше »

Ош облусунун казыятында Умра ибадатын уюштуруу боюнча жыйын өткөрүлдү

Бүгүн, 11-декабрда Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев Кыргыстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жаткан Умра ибадаты боюнча жыйын өткөрдү. Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, райондордун баш имам хатибтери, …

Дальше »