Тоң районунун Туура-Суу-2 айылындагы мечитте тазалык жана оңдоо иштери жүрүп жатат

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Туура-Суу-2 айылындагы мечитте жергиликтүү жамааттын колдоосу менен даараткананын оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Жергиликтүү эл өз ара жардамдашып, мечиттеги шарттарды жакшыртуу иштерине активдүү катышууда. Ошону менен катар, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын …

Дальше »

Ысык-Көл облусунун казысы баш имам-хатибдердин кварталдык отчётун укту

Бүгүн, 3-апрель күнү Ысык-Көл облусунун казыяты облустагы бардык район жана шаарлардын баш имам-хатибдеринин катышуусунда жалпы жыйын өткөрдү. Иш-чарада диний багыттагы иштерди талкуулоо, аткарылган иштер боюнча отчет берүү жана мындан аркы иш-пландарды белгилөө маселелери каралды. Жыйынга …

Дальше »

Төрт-Күл айылындагы мечитте курулуш иштери башталды

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Төрт-Күл айылынын жаштары өз демилгеси менен мечитке кошумча бөлмө, даараткана жана сопукананы нөлдөн баштап куруп башташты. Бул кайрымдуу иш айыл жаштарынын ынтымагын жана демилгечилерин көрсөтүп, коомго үлгү боло турган саамалык болуп …

Дальше »

Жети-Өгүздө айыл жаштары имамга унаа белек кылышты

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Боз-Бешик айылынын жаштары өздөрүнүн демилгеси менен айылдын имамы Нурланбек Урдолотовго Hyundai Santa Fe үлгүсүндөгү унааны белек кылышты. Имам 13 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип, элге кызмат кылып келе жатат. Айыл тургундары …

Дальше »

Ала-Бука жана Чаткал имамдарына “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамы боюнча түшүндүрмө берилди

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Чаткал райондорунун имамдары Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залына чогулду. Анда имамдарга жаңы кабыл алынган “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамы боюнча түшүндүрмө берилди. Жыйынга Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысынын орун …

Дальше »

Өзгөрүш айылынын имамына умрага жолдомо тартууланды

Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылындагы “Зыйнат апа” мечитинде сооптуу иш-чара болуп өттү. Айыл тургундары көп жылдан бери элдин кызматында ак дилден эмгектенип, талыкпай кызмат өтөп келе жаткан айыл имамы Кадыркул Чоткараевге терең сый-урмат …

Дальше »

Аксыда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун имамдарына “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамы боюнча атайын жыйын болуп өттү. Иш-чара райондук мамлекеттик администрациянын жыйындар залында болуп, ага Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысынын орун басары Арпидин ажы Жороев, …

Дальше »

Сузак районунда дагы бир имамга умра сапарына жолдомо берилди

Сузак районунун Курманбек айыл аймагына караштуу Кара-Чолок айылынын тургуну, жеке ишкер Баяман Курманбек уулу айылдагы аз камсыз болгон 5 үй-бүлөгө бирден кой, азык түлүк баштыкчаларын берип, аталган айылдын мурдагы имамы Канатбек Боконовго 14 күндүк умра …

Дальше »

Таш-Көмүр шаарынын баш имам-хатибине шаардыктар автоунаа белек кылышты

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын тургундары шаардын баш имам-хатиби Мураталы ажы Мансуровго Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаа белек кылышты. Шаар тургундары баш имам-хатибдин ислам динине жана шаар тургундарынын ортосундагы ынтымак менен биримдикти бекемдөөдө, балдарды адептүүлүк менен ыймандуулукка …

Дальше »

Кара-Кулжада Айт майрамына карата спорттук мелдештер өткөрүлдү

Кечээ, 30-март күнү Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев жергиликтүү жаштар хатибият менен биргеликте Орозо Айт майрамына карата 1500 балмуздак таратып, байге фонду 150 миң сомду түзгөн спорттук мелдеш өткөрүлгөнүн билдирди. …

Дальше »

Ноокенде аз камсыз 60 үй-бүлөгө азык-түлүк баштыктары тапшырылды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда аз камсыз болгон 60 үй-бүлөгө азык түлүк таратылып берилди. Райондун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиковдун айтымында, кезектеги берилген бул жардам райондук хатибият тарабынан демилгеленип, жергиликтүү ишкерлердин колдоосу менен ишке ашкан. Иш-чара …

Дальше »

Сузакта 110 үй-бүлөгө азык-түлүктөр тапшырылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда узап бараткан Рамазанга карата жардамга муктаж 110 үй-бүлөгө азык-түлүк берилди. Райондун баш имам-хатиби Жунус ажы Исмаилов муктаждарга жардам баштыкчаларын тапшырып жатып, “Садака ырыскынын көбөйүүсүнө, өмүрдүн узун болуусуна жана ар түрдүү балээден …

Дальше »