Сузакта айыл имамынын эмгегин баалаган жаштар умра сапарына жолдомо беришти

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Арт айыл аймагынын Таранбазар айылынын 1988-жылы туулган жаштары “Сейдакмат” жума мечитинин имамы Айтали Сейитовго улуу рамазан айынын урматыга умра сапарына жолдомо белек кылышты. Жолдомону аталган райондун баш имам-хатиби Жунус ажы …

Дальше »

Караколдо дин кызматкерлерине багытталган түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы имамдар үчүн жаңы фатва жана мыйзамдарды элге туура жеткирүү максатында түшүндүрүү жыйыны өткөрүлдү. Жыйынга Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Ысык-Көл облусундагы өкүлү Асылбек Мамбетов, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана …

Дальше »

Ноокатта 150 миң сомдук кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы «Хасан ажы» мечитинде 33 үй-бүлөгө жардам баштыкчалары таратылды. Аталган жардам баштыкчасында ун 50 кг, 5 л май, макарон, күрүч ж.б. керектелүүчү азык-түлүктөр камтылган. Кайрымдуулуктун жалпы баасы 150 …

Дальше »

Төрт-Күл айылында маркум Улан Букаевдин атынан кайрымдуулук иши жасалды

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл айылында Тоң районунун баш имам-хатиби жана имамдарынын түшүндүрүү иштеринин негизинде, маркум Улан Букаевдмн жакындары ага сообун багыштап кайрымдуулук иштерин жасашты. Алар Иманова жана Аралбаев Камымбек ата көчөлөрүнө кум төгүп, жолду …

Дальше »

Кара-Кулжа районунун борбордук мечитинин курулуш иштери кызуу жүрүүдө

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев райондун борбордук «Азирети Билал» мечитинин курулуш иштеринен кабар алып, учурда иш кызуу жүрүп жаткандыгын маалымдады. Анын айтымында, мечиттин курулуш иштеринде тиешелүү талаптар сакталып, болжолдуу мечиттин …

Дальше »

Ош шаарында мечит имамдарына тазалык боюнча жыйын болуп, тиешелүү тапшырмалар берилди

Бүгүн, 11-март күнү Ош шаарынын борбордук мечитинде имамдарга жыйын уюштурулуп, мечиттердин тазалыктары, кызыл сызыкка кирип кеткен мечиттин короолору, маркумду акыркы сапарга узатуудагы зыйнаттар, намаз убактылары жана Куран хатмдарын өз тартибинде болушу боюнча бир катар тапшырмалар …

Дальше »

Уланбек кары Курманбаев: «Соопту иштерде дагы ысырапка жол берилбеши керек»

Бишкек шаарындагы Свердлов районунун баш имам-хатиби Уланбек кары Курманбаевдин катышуусунда, райондун кварталдык башкаруучулары жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен КР Президентинин №54 жарлыгы боюнча түшүндүрүү жыйыны болуп өттү. Жолугушууда райондун баш имам-хатиби Улан каары баяндамасында төмөнкү …

Дальше »

Кызыл-Кыяда ысырапкорчулукту жөнгө салуу максатында аялдарга сабак уюштурулду

Кызыл-Кыя шаарынын борбордук мечитинде шаардагы диний сабаты бар аялдарга маркумду акыркы сапарга узатуудагы маарекелерде ысрапкорчулукка жол бербөө максатында атайын сабак өтүлдү. Бул тууралуу Баткен казыятынан билдиришти. Бул иш-чараны Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби Нийматилла ажы Топчиев …

Дальше »

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы аймактардагы таравих намаз окулган мечиттерди кыдырууда

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков Базар-Коргон районундагы “Хизир Алейхи Салам” жума мечитине барды. Анда жергиликтүү жамаатты Ыйык Рамазан айы менен куттуктап, Рамазан жана адеп-ахлак туурасында баян кылды. Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби Бакытбек ажы …

Дальше »

Бакай-Ата: Рамазан айында жаңы мечит ибадатка эшигин ачты

Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айылында “Тариэл уулу Назарбек” атындагы мечиттин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул ыйык мечиттин ачылышы берекелүү Рамазан айына туш келип, жамаат үчүн өзгөчө мааниге ээ болду. Ачылыш аземине Талас …

Дальше »

Ысык-Көл казыятынын демилгеси менен 110 үй-бүлөгө кайрымдуулук кылынды

Бүгүн, 10-мартта Ысык-Көл облусунун казыятынын демилгеси жана көп жылдан бери жардам көрсөтүп келген «Инсандык жардам фондунун» колдоосу менен Рамазан айына карата кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында 110 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк жардамдары берилди. Катышуучулар ыраазычылыктарын билдирип, …

Дальше »

Тоң районунун баш имам-хатиби Тоң райондук ички иштер бөлүмүн зыярат кылды

Бүгүн, 10-март күнү Тоң районунун баш имам-хатиби Таалайбек ажы Акунов Тоң райондук ички иштер бөлүмүн зыярат кылып, бардык кызматкерлерге лекция өттү. Сабактын жүрүшүндө зордук-зомбулук, ысырапкорчулук, экстремизм, терроризм жана башка олуттуу темалар талкууланып, маанилүү маалыматтар берилди. …

Дальше »